Маданият министрлигинде кадрдык өзгөрүүлөр болду

Июль 10, 2024 - 11:47
Июль 11, 2024 - 09:47
 27
Маданият министрлигинде кадрдык өзгөрүүлөр болду
Маданият министрлигинде кадрдык өзгөрүүлөр болду
Маданият министрлигинде кадрдык өзгөрүүлөр болду
Маданият министрлигинде кадрдык өзгөрүүлөр болду
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Аскарова Айнура Алмасбековна башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу министрдин орун басары кызматынан бошотулуп анын ордуна Абдыкалыкова Гульбара Кадырбековна дайындалды.
Аны эмгек жамаатка Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов тааныштырып жатып, алдыда маданият тармагында жасала турган иштер арбын экенин жана коюлган милдеттерди жогорку деңгээлде алып баруусуна ишенимин билдирип, ийгиликтерди каалады.
Абдыкалыкова Гульбара Кадырбековна кызматка дайындалганга чейин “Сулайман-Тоо” улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексинин директору болуп эмгектенип жаткан.