10-11-апрелде "Учур" мамлекеттик жаштар театры Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу Мар Байжиевдин "Төрт адам" драмасынын негизинде "Эрөөл" спектаклинин бет ачарын тартуулады.
Аталган спектакль көрүүчүлөргө М. Жангазиев атындагы Кыргыз мамлекеттик куурчак театрынын сахнасында көрсөтүлдү.
Спектакль бүгүнкү коомдун эң көйгөйлүү маселеси болгон психологиялык зомбулукту, абьюзердик мамилени, аялзатынын жан дүйнөсүндөгү буюккан букту, жылчык таба албаган, депрессиялык абалды, деги эле кыз баланын тагдыры ириде ата-энесинен, коомдон анан бакыт издеген адамынан көз каранды экендигин баяндайт.
Белгилей кетсек, спектакль Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу, Кыргыз кино академиясынын академиги, Искусство институтунун профессору, "Манас" орденинин кавалери Мар Байжиевдин 90 жылдыгына карата сахнаштырылды.
Спектаклдин режиссёрлору - КР эмгек сиңирген артисти Назым Мендебаиров, Анастасия Касьянова;
Спектаклдин сүрөтчүсү - Алёна Тихонова;
Балетмейстер - Евгений Прокопенко;
Композитор - Нарист Эсенов;
Режиссёрдун ассистенти - Алмаз Сейитканов.