Суроо-Жооп

Июнь 27, 2023 - 16:40
Июнь 27, 2024 - 18:40
 9
Сыйлыктарга, ардак наамдарга сунуш кылуунун тартиби кандай?
1 / 15

1. Сыйлыктарга, ардак наамдарга сунуш кылуунун тартиби кандай?

Сыйлыктарга, ардак наамдарга сунуш кылуунун тартиби

 

“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарына жана ардак наамдары” жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин 2018-жылдын 26-декабрындагы №631 буйругу менен бекитилген коллегиянын жобосуна ылайык мамлекеттик сыйлыкка сунушталган талапкерлердин документтери жылына 2 жолу: 31-август Эгемендүүлүк күнүнө карата (кабыл алуу 2023-жылдын 15-майына чейин) жана 31-декабрь жыл жыйынтыгына карата (кабыл алуу 2023-жылдын
15-октябрына чейин) кабыл алынаарын маалымдайбыз. 

 

Мамлекеттик сыйлыкка көрсөтүлүүчү документтер төмөнкү тизме боюнча топтолушу керек:

 

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин наамына сунуш;

– сыйлоо барагы (№ 1 форма);

(Сыйлоо барактары машинада жазылган текст түрүндө таризделип жазуу жүзүндө берилет, аларда бардык белгиленген графалар так жана анык толтурулууга тийиш).

– токтомдордон же коллегиалдуу органдын чечимдеринен көчүрмөлөр, сыйлоого сунушталган талапкерди талкуунун протоколдорунун көчүрмөлөрү;

– эмгек китепчесинин, паспорттун нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү, сиңирген эмгегин тастыктаган башка документтер (дипломдордун, сертификаттардын, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарына, ардак наамдарына, ведомстволук сыйлыктарына документтердин нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү ж.б.);

– соттуулугу жок экендиги жөнүндө маалымкат;

– өтүнүч берген уюмдан мамлекеттик же муниципалдык кызматчы, ошондой эле ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын кызматкерлери болуп саналган талапкерлерге карата тартиптик жазанын жоктугу жөнүндө маалымкат;

– Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясы тастыктаган илимий иштеринин тизмеси (окумуштуулук даражасы болсо), ошондой эле окумуштуулук даражасын тастыктаган документтердин нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү.

Эскертүү:

Талапкердин фамилиясы, аты, атасынын аты өзгөргөндө тастыктоочу документти – фамилиясын, атын, атасынын атын өзгөрткөндүгү жөнүндө күбөлүктү же болбосо фамилиясын, атын, атасынын атын өзгөрткөндүгү жөнүндө актынын жазуусунан көчүрмөнү тиркөө зарыл.

Оңдоолору бар, туура эмес таризделген сыйлоо материалдары жана окулбай турган документтердин көчүрмөлөрү кароого алынбайт.

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыгы менен сыйлоого жана ардак наамын ыйгарууга негизсиз сунуш кылууга, сыйлоо материалдарына так эмес маалыматтарды киргизгенге жол берген кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жеке жоопкерчилик тартат.

кезектеги мамлекеттик сыйлыкка сунуш кылуу мурдагы сыйлоодон кийин беш жыл өткөндөн кийин жаңы сиңирген эмгеги үчүн болушу мүмкүн.

Жарандарды юбилейлерине жана кесиптик майрамдарга байланыштуу аларды Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарына жана ардак наамдарына сунуш кылууга жол берилбейт.

Тындырылбаган же алып салынбаган соттуулугу бар адамдарды Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарына, ардак наамдарына сунуш кылууга жол берилбейт.