Министрликтин жобосу

Июнь 27, 2023 - 15:28
Июнь 27, 2024 - 18:40
 8
Министрликтин жобосу

1-тиркеме

(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 251 токтомуна)

 

 

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги жөнүндө

жобо

(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 28-февралындагы № 1002023-жылдын 6-апрелиндеги № 189 , 2023-жылдын 21-декабрындагы № 694 токтомдорунун редакциясына ылайык)

 

1. Жалпы жоболор

 

1. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги (мындан ары - Министрлик) маданият, маалымат, жаштар, спорт, дене тарбия жана этностор аралык мамилелер чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу боюнча функцияларды ишке ашыруучу аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы болуп саналат.

(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 6-апрелиндеги № 189 токтомунун редакциясына ылайык)

2. Министрлик өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана башка ченемдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдерди, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.

3. Министрлик ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрдүн, мекемелердин ишин башкарат.

4. Борбордук аппаратты, республикалык, облустук, райондук мекемелерди жана райондук деңгээлдеги аймактык бөлүмдөрдү күтүүгө кеткен чыгымдарды каржылоо республикалык бюджеттин эсебинен бюджеттик сметанын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка каржылоо булактарынын негизинде жүзөгө ашырылат.

5. Министрлик юридикалык жак статусуна ээ, анын Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн, мамлекеттик жана расмий тилдерде аталышы жазылган мөөрү, штампы, бланктары, өз алдынча балансы, Казыналык системасында алыш-бериш эсеби бар.

6. Министрликтин толук расмий аталышы:

– мамлекеттик тилде: “Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги”.

– расмий тилде: “Министерство культуры, информации, спорта и молодежной политики Кыргызской Республики”;

Министрликтин кыскартылган аталышы:

– мамлекеттик тилде: “ММСЖСМ”;

– расмий тилде: “МКИСМП”.

7. Министрликтин юридикалык дареги: 720040, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Пушкин көчөсү, 78.

 

2. Министрликтин максаты

 

8. Министрликтин ишинин максаты маданият, маалымат, жаштар, спорт жана этностор аралык ынтымакты чыңдоо чөйрөлөрүндө мамлекеттик саясатты калыптандыруу жана ишке ашыруу болуп саналат.

(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 6-апрелиндеги № 189 токтомунун редакциясына ылайык)

 

3. Министрликтин милдеттери

 

9. Министрликтин милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:

1) маданият, маалымат, жаштар, спорт, дене тарбия жана этностор аралык мамилелер чөйрөлөрүндө бирдиктүү мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;

2) тарыхый-маданий мурастарды сактоо, пайдалануу жана өнүктүрүү, ошондой эле элдик чыгармачылыкты өнүктүрүү, жарандардын маданий турмушка катышуусу жана калктын бош убактысын уюштуруу үчүн шарттарды түзүү;

3) Кыргыз Республикасында маданият жана маалымат чөйрөлөрүндө бирдиктүү маалымат мейкиндигин түзүүнү камсыз кылуу;

4) жалпыга маалымдоо каражаттарын, басмакана ишканаларын, китеп басып чыгаруу жана басылып чыккан продукцияны жайылтууну өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү;

5) (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 6-апрелиндеги № 189 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

6) (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 6-апрелиндеги № 189 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

7) (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 6-апрелиндеги № 189 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

8) өлкөнүн калкынын дене тарбия жана спорт менен машыгуусу үчүн шарттарды түзүү жана өркүндөтүү, сергек жашоо мүнөзүн жайылтуу;

9) өлкөнүн эл аралык спорттук беделин калыптандыруу жана чыңдоо;

10) мамлекеттик жаштар саясатын калыптандырууга жана ишке ашырууга жаштардын түздөн-түз катышуусун камсыз кылуу, анын коомдук маанилүү жана инновациялык демилгелерин колдоо;

11) коомдун кызыкчылыгында жаштардын экономикалык, интеллектуалдык жана руханий потенциалын жүзөгө ашыруу үчүн зарыл шарттарды түзүү боюнча иш-чараларды иштеп чыгуу;

12) Кыргыз Республикасында этностор аралык ынтымакты чыңдоо жана жарандык бирдейликти өнүктүрүү;

13) Кыргыз Республикасында этностордун эркин жана бирдей өнүгүшү жана алардын укуктарын камсыз кылуу үчүн чараларды көрүү;

14) этностук ар түрдүүлүктү натыйжалуу өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү, ошондой эле этностор аралык жаңжалдардын эрте алдын алуу системасын өркүндөтүү.

15) маалыматтык-телекоммуникациялык тармакта (анын ичинде Интернет тармагында) балдардын маалыматтык коопсуздугун камсыз кылуу.

(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 6-апрелиндеги № 1892023-жылдын 21-декабрындагы № 694 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

 

4. Министрликтин функциялары

 

10. Министрлик төмөнкү функцияларды ишке ашырат:

1) тармактык саясатты иштеп чыгуу боюнча функцияларды:

- Министрликтин компетенциясына кирген маселелер боюнча ченемдик укуктук актылардын жана эл аралык келишимдердин долбоорлорун иштеп чыгат жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кароосуна киргизет;

- маданият, көркөм өнөр, маалымат, жаштар, спорт, дене тарбия жана этностор аралык мамилелер чөйрөсүн каржылоо боюнча республикалык бюджеттин долбоорун түзүү жөнүндө сунуштарды Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кароосуна белгиленген тартипте киргизет;

- эл аралык маанидеги тарыхый-маданий мурастардын кыймылсыз объекттеринин корголуучу зоналары боюнча долбоорлорду бекитүү үчүн сунуштарды Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кароосуна белгиленген тартипте киргизет;

- Кыргыз Республикасынын республикалык маанидеги тарых жана маданият эстеликтеринин мамлекеттик тизмесин иштеп чыгат жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин бекитүүсүнө белгиленген тартипте киргизет;

- маданият, маалымат, жаштар, спорт, дене тарбия объекттерине "улуттук" жана "академиялык" статусун ыйгаруу жөнүндө сунуштарды Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине белгиленген тартипте киргизет;

- эл аралык жана республикалык маанидеги тарыхый-маданий мурастар объекттерин каржылоо, эсепке алуу, аныктоо, изилдөө, тейлөө, консервациялоо, реставрациялоо, регенерациялоо, музейлештирүү, пропагандалоо боюнча сунуштарды иштеп чыгат жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кароосуна киргизет;

- Кыргыз Республикасынын материалдык эмес маданий мурастарынын элементтеринин тизмесин иштеп чыгат жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кароосуна киргизет;

- өткөрүп берилген ыйгарым укуктардын чегинде ченемдик укуктук актыларды кабыл алат;

- этностор аралык мамилелер чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты өркүндөтүү маселелери боюнча сунуштарды иштеп чыгат;

- жаштар саясатын ишке ашыруунун натыйжалуулугун талдайт жана аны жогорулатуу боюнча сунуштарды иштеп чыгат;

- түз инвестицияларды жана гранттарды тартуу менен жаштар саясаты чөйрөсүндөгү эл аралык кызматташтыкты белгиленген тартипте жүзөгө ашырат;

- тейлеген тармакта укуктук пропаганда боюнча иш-чараларды өткөрөт;

- туристтик иштин субъекттери тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын талдайт;

2) контролдоо функциялары:

- тарыхый-маданий мурастардын объекттерин пайдаланууга, күтүүгө, эстеликтерди консервациялоо, реставрациялоо, оңдоо, музейлештирүү жана регенерациялоо боюнча иштердин жүргүзүлүшүнө мамлекеттик контролду белгиленген тартипте жүзөгө ашырат;

- Кыргыз Республикасынын музей фондунун, ошондой эле тарыхый-маданий мурастар объекттерине кирген китепкана фондуларынын абалын жана сактоо шарттарын мамлекеттик каттоого алат жана контролдойт;

- Министрликтин ведомстволук бөлүмдөрүндө жана мекемелеринде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын сакталышына ведомстволук контролду жүзөгө ашырат;

- Кыргыз Республикасынын материалдык эмес маданий мурастарынын элементтерин аныктоону, каттоону, сактоону жана пайдалануунун эрежелерин камсыз кылат;

- бардык категориядагы эстеликтердин сакталышына коркунуч келтирген ишти токтотот же тыюу салат;

- телерадио уюмдары жана телерадиоберүү операторлору тарабынан лицензиялык-уруксат берүү системасы, жалпыга маалымдоо каражаттары, телерадиоберүү чөйрөлөрүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарынын сакталышына лицензиялык контролду жүзөгө ашырат;

- мыйзамдарда белгиленген учурларда жана тартипте бузуулар жөнүндө протоколдорду түзөт;

- балдардын ден соолугуна же өнүгүүсүнө зыян келтирүүчү, балдар арасында жайылтууга тыюу салынган маалыматтын жалпыга маалымдоо каражаттарын жана (же) маалыматтык-телекоммуникациялык тармактарды (анын ичинде Интернет тармагын) колдонуу менен жайылтылышын контролдойт;

3) колдоо функциялары:

- Министрликтин компетенциясына таандык маселелер боюнча мамлекеттик жана тармактык программаларды ишке ашырат;

- Министрлик тарабынан жөнгө салынуучу чөйрөдө макулдашууларды, меморандумдарды иштеп чыгат жана түзөт;

- Министрликтин компетенциясына кирген чөйрөлөрдө кызматташуу жөнүндө эл аралык келишимдердин аткарылышын жүзөгө ашырат;

- республикалык конкурстарды жана фестивалдарды өткөрүүнүн типтүү эрежелерин иштеп чыгат жана бекитет;

- этностор аралык мамилелерди өнүктүрүүгө жана этномаданий жана билим берүү муктаждыктарын канааттандырууга жана Кыргыз Республикасынын элинин этностук өз алдынчалуулугун өнүктүрүүгө багытталган чыгармачыл, маданий, тилдик жана башка демилгелерди ишке ашырууга көмөктөшөт;

- коомдогу этномаданий ар түрдүүлүктүн баалуулуктарын жана өлкөдө жашаган ар кандай улуттук жамааттардын ынтымакта жашоо каада-салттарын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жайылтат;

- Кыргыз Республикасында элдин биримдигин чыңдоо жана жарандык бирдейлигин өнүктүрүү боюнча иш-чараларды жүргүзөт;

- этностор аралык чыр-чатактардын алдын алуу боюнча мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана жарандык коом менен өз ара аракеттенип, биргеликте чараларды көрөт;

- калкты китепкана менен тейлөөнү уюштуруу, китепкана фондусун толуктоо жана камсыз кылуу үчүн шарттарды түзөт;

- Министрликтин ведомстволук сыйлыктары менен сыйлоо тартибин иштеп чыгат жана бекитет;

- өздүк көркөм чыгармачылык жамааттарына "Элдик" (үлгүлүү) наамын берүү тартиби жөнүндө жобону иштеп чыгат жана бекитет;

- тармактык көркөм кеңештерди түзөт жана алар жөнүндө жоболорду бекитет;

- маданий баалуулуктарды убактылуу алып кирүү жана сыртка алып чыгуу боюнча эксперттик комиссия жөнүндө типтүү жобону бекитет;

- материалдык эмес маданий мурастар жаатындагы эксперттик кеңеш жөнүндө жобону, ошондой эле анын курамын бекитет;

- маданий эс алуу уюмдарынын иш тартибин бекитет;

- мамлекеттик статистика жаатындагы ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу боюнча Министрлик тарабынан жөнгө салынуучу чөйрөдөгү администрациялык маалыматтарды чогултууну ишке ашырат;

- тарыхый-маданий мурастар маселелери боюнча комиссияларды түзөт жана алардын курамын бекитет;

- тейлеген иш чөйрөсүндө конгресстерди, конференцияларды, семинарларды жана башка иш-чараларды уюштурууга көмөктөшөт;

- тарыхый-маданий мурастардын объекттерин пайдаланууга, күтүүгө, эстеликтерди консервациялоо, реставрациялоо, оңдоо, музейлештирүү жана регенерациялоо боюнча иштердин жүргүзүлүшүнө мамлекеттик контролду ишке ашыруунун тартибин бекитет;

- бардык категориядагы эстеликтердин сакталышына коркунуч келтирген ишти токтотуунун же тыюу салуунун тартибин бекитет;

- республикалык маанидеги тарыхый-маданий мурастардын кыймылсыз объекттеринин корголуучу зоналарын бекитет;

- тарыхый-маданий мурастардын объекттеринин бар же жоктугу боюнча археологиялык изилдөө жөнүндө корутундуну макулдашат;

- менчигинин түрүнө карабастан маданият маселелери боюнча чыгармачыл союздар жана башка уюмдар менен өз ара аракеттенет;

- мамлекеттик театрлардын жана концерттик-оюн-зоок уюмдарынын сценалык-коюучу каражаттарын эсепке алуу, өткөрүп берүү жана эсептен чыгаруу боюнча нускамаларды иштеп чыгат жана бекитет;

- спорттук резервди, спорттун түрлөрү боюнча улуттук курама командаларды дүйнөлүк, Азия, олимпиадалык, сурдолимпиадалык, паралимпиадалык, атайын олимпиадалык, Азия оюндарына жана башка эл аралык мелдештерге даярдоо боюнча иштерди жүзөгө ашырат;

- билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу боюнча маданият жана искусство жаатындагы билим берүү уюмдарынын иш эрежелерин иштеп чыгат жана бекитет;

- билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен маданият жаатындагы билим берүүнүн бардык баскычтары үчүн типтүү окуу пландарын жана окуу программаларын макулдашат;

- Министрликтин борборлоштурулган иш-чараларына каражаттарды бөлүштүрүү механизмдерин түзөт жана аныктайт, алардын максаттуу пайдаланылышын камсыз кылат;

- жалпыга маалымдоо каражаттары жана мезгилдүү басылмаларды, ошондой эле электрондук маалымат каражаттарын жайылтуу жаатындагы кырдаалга талдоо жүргүзөт;

- ички контролдоо системасынын адекваттуулугуна жана натыйжалуулугуна, финансылык жана башкаруу маалыматтарынын ишенимдүүлүгүнө жана тактыгына, иш жүргүзүүнүн жана башкаруунун натыйжалуулугуна, үнөмдүүлүгүнө жана майнаптуулугуна, активдердин сакталышына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын сакталышына талдоо, баалоо жана мониторинг жүргүзүү максатында Министрликтин компетенциясына кирген чөйрөлөрдө ички аудиттин финансылык, операциялык жана башкаруучу түрлөрүн жүргүзөт;

- Министрликтин ведомстволук мекемелерине жана аймактык бөлүмдөрүнө маданият, искусство, маалымат, жаштар, дене тарбия жана спорт объектилерин куруу, долбоорлоо, капиталдык жана учурдагы оңдоо боюнча көмөк көрсөтөт;

- эл аралык жана республикалык иш-чараларды, фестивалдарды, акцияларды, көргөзмөлөрдү, конкурстарды, семинарларды, конференцияларды өткөрүүгө көмөктөшөт;

- Министрликтин системасынын кызматкерлерин кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу боюнча ишти уюштурат;

- борбордук аппаратта жана аймактык бөлүмдөрдө конкурстарды, ошондой эле ведомстволук мекемелердин кызматкерлерин аттестациядан өткөрөт;

- тейлеген чөйрөлөрдө эмгек ресурстарына болгон керектөөлөрдү болжолдойт;

- мамлекеттик органдар жана өзүнүн аймагындагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан бардык категориядагы эстеликтерди аныктоо, изилдөө, сактоо боюнча иш-чаралардын аткарылышын камсыз кылуучу шаарларды жана башка калктуу конуштарды пландоо, куруу, реконструкциялоо долбоорлорун иштеп чыгууда жана бекитүүдө тарыхый-курулуштун негизги пландарын жана схема-карталарын макулдашат;

- юридикалык жана жеке жактарга жаңы искусство чыгармаларын (театрдык, музыкалык, хореографиялык, көркөм сүрөт, монументалдык, декоративдик-колдонмо, кинематографиялык, архитектуралык, адабий, концерттик программалар ж.б.) жаратууга жана маданий кызмат көрсөтүүгө максаттуу чыгармачыл заказдарды (анын ичинде конкурстук негизде) белгиленген тартипте берет;

- жоголуп кетүү коркунучундагы материалдык эмес маданий мурастар чөйрөсүндөгү илимий, техникалык жана искусство таануу боюнча изилдөөлөргө көмөктөшөт;

- кол өнөрчүлөрдүн ишин тескейт;

- эмгекти коргоо, коопсуздук техникасы жана өндүрүштүк санитария, мамлекеттик мүлктүн сакталышын камсыз кылуу жана өрт коопсуздугунун эрежелерин сактоо боюнча иштерди уюштурууга катышат;

- бюджеттик жана бюджеттен тышкаркы каражаттардын эсебинен жаштар чөйрөсүнүн жана дене тарбия жана спорт чөйрөсүнүн материалдык-техникалык базасын өнүктүрөт;

- Кыргыз Республикасынын жарандарын дене тарбия жана ыктыярдуу иштерге тартуу боюнча иштерди жүргүзөт;

- жаштар, дене тарбия жана спорт маселелери боюнча методикалык жана консультациялык жардам көрсөтөт;

- жаштар маселеси, дене тарбия жана спорт маселелери боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине көмөк көрсөтөт;

- программаларды, долбоорлорду финансылык колдоо үчүн инвестицияларды жана гранттарды тартат, ошондой эле жаштар, дене тарбия жана спорт маселелери боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруу үчүн мамлекеттик заказдарды аткарат;

- өзүнүн иш чөйрөсүндө илимий изилдөө жана иштеп чыгууга мамлекеттик заказды аткарат;

- Министрликтин компетенциясына кирген маселелер боюнча изилдөө иштерин жүргүзүүгө катышат;

- жаштар, дене тарбия, спорт жана этностор аралык ынтымакты чыңдоо маселелери боюнча мамлекеттик саясатты өнүктүрүү менен байланышкан эл аралык, республикалык, региондук жана жергиликтүү иш-чараларды белгиленген тартипте уюштурат жана өткөрөт;

- таланттуу жана жөндөмдүү балдарды жана жаштарды колдоого көмөктөшөт;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жаштар чөйрөсүндөгү кадр саясатын ишке ашырат;

- жаштар маселелери боюнча жарнамалык-маалыматтык иштерди жүргүзөт;

- (абзац КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 6-апрелиндеги № 189 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

- (абзац КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 6-апрелиндеги № 189 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

- (абзац КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 6-апрелиндеги № 189 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

- (абзац КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 6-апрелиндеги № 189 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

4) координациялоо жана мониторинг жүргүзүү функциялары:

- өз компетенциясынын чегинде мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттарынын ишин координациялайт;

- тарыхый жана маданий эстеликтерди коргоо маселелери боюнча мамлекеттик органдардын ишин координациялайт;

- Министрликтин ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрүнүн, мекемелеринин, анын ичинде маданият жана искусство жаатындагы билим берүү уюмдарынын ишин координациялайт жана контролдойт;

- өлкөнүн аймагында жайылтуу үчүн милдеттүү болгон теле жана радио программаларынын топтомун түзүүнү координациялайт;

- эл аралык маданий кызматташуу чөйрөсүндө иштерди координациялайт, мекендештер менен маданий байланыштарды өнүктүрүүгө көмөктөшөт;

- музыкалык жана театрдык искусство чөйрөсүндөгү репертуардык саясатты координациялайт;

- өз компетенциясынын чегинде маданият жана искусство жаатындагы билим берүү уюмдарынын ишин координациялайт;

- чыңалууну жараткан кырдаалдардын алдын алуу боюнча этностор аралык мамилелер чөйрөсүнө мониторинг жүргүзөт;

- мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана жарандык коом менен өз ара аракеттенип, этностор аралык чыр-чатактардын алдын алуу боюнча иштерди жүргүзөт;

- материалдык эмес маданий мурас элементтерине экспертиза жүргүзөт;

- материалдык эмес маданий мурастардын ар кандай элементтерин идентификациялоону жана аныктоону ишке ашырат;

- жалпыга маалымдоо каражаттары, мезгилдүү басылмаларды, ошондой эле маалыматты электрондук алып жүрүүчүлөрдү жайылтуу жаатындагы кырдаалга мониторинг жана талдоо жүргүзөт;

- материалдык эмес маданий мурас элементтеринин абалына мониторинг жүргүзөт;

- Министрликтин архивдик документтерин комплекттөө, сактоо, эсепке алуу жана пайдалануу боюнча иштерди мыйзамдарга ылайык жүргүзөт;

- спортто допинг препараттарын колдонууга каршы иштерди контролдойт;

- Министрлик тарабынан жөнгө салынуучу чөйрөдө мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөргө талдоо жүргүзөт;

- тарыхый-маданий мурастардын кыймылсыз объекттерин паспорттоштурууну жана инвентаризациялоону белгиленген тартипте жүргүзөт;

- маданият жана искусство обьекттерин, чыгармаларын паспорттоштурат жана инвентаризациялайт;

- Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы тарабынан берилген ачык баракчаларды белгиленген тартипте каттайт;

- Министрликтин милдеттерине кирген чөйрөлөрдө маданий баалуулуктардын реестрлерин түзөт;

- колдонулган технологияларга карабастан телеканалды аналогдук берүүгө жана (же) санариптик берүү пакетине жайгаштырууга уруксаттардын реестрин түзөт жана жүргүзөт;

- иштеп жаткан жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана электрондук коммуникациялардын мамлекеттик реестрин жүргүзөт;

5) жөнгө салуу функциялары:

- колдонулган технологияларга карабастан телерадиоканалды аналогдук берүүгө жана (же) санариптик берүү пакетине жайгаштырууга уруксаттарды берүү, кайра тариздөө, баш тартуу, токтото туруу, токтотуу, жокко чыгаруу жана уруксатты калыбына келтирүү жол-жобосун ишке ашырат;

- (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 6-апрелиндеги № 189 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

- жаштар саясаты боюнча иштердин абалына мониторинг жүргүзөт жана аны баалайт, эл аралык келишимдердин аткарылышын, жаштар чөйрөсүндөгү концепциялардын, стратегиялардын, программалардын аткарылышын контролдойт;

- жаштарды колдоого багытталган эл аралык келишимдерге, улуттук жана мамлекеттик программаларга мониторинг жүргүзөт;

- (абзац КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 6-апрелиндеги № 189 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

- (абзац КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 6-апрелиндеги № 189 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 6-апрелиндеги № 1892023-жылдын 21-декабрындагы № 694 токтомдорунун редакциясына ылайык)

5. Министрликтин укуктары

11. Министрлик төмөнкүлөргө укуктуу:

- маданият, искусство, маалымат, жаштар, спорт, дене тарбия жана этностор аралык мамилелер маселелери боюнча сунуштарды Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кароосуна белгиленген тартипте киргизүүгө;

- тышкы саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча өзүнүн компетенциясына кирген маселелер боюнча эл аралык келишимдерди түзүү жөнүндө сунуштарды Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кароосуна белгиленген тартипте киргизүүгө;

- Министрликтин иши үчүн эл аралык жана башка уюмдардын гранттарын мыйзамдарда белгиленген тартипте тартууга;

- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, уюмдардан жана ишканалардан, кызмат адамдарынан жана жарандарынан Министрликтин иш чөйрөсүнө байланышкан маалыматтарды белгиленген тартипте сурап алууга;

- тейлеген иш чөйрөсүндө координациялык жана кеңешүүчү органдарды (кеңештер, комиссиялар, топтор), анын ичинде ведомстволор аралык органдарды түзүүгө;

- этностор аралык мамиле маселелери боюнча коомдук кабылдамаларды түзүүгө;

- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан объекттерди тарыхый-маданий коруктар, тарыхый-маданий жана мемориалдык комплекстер деп таануу жөнүндө сунуштарды Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кароосуна белгиленген тартипте киргизүүгө;

- ведомстволук бөлүмдөрдү, мекемелерди жана аймактык бөлүмдөрдү түзүү, кайра уюштуруу, жоюу жөнүндө сунуштарды Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кароосуна белгиленген тартипте киргизүүгө;

- ведомстволук бөлүмдөрдүн, мекемелердин жана аймактык бөлүмдөрдүн финансылык тартипти сактагандыгын, алардын материалдык жана акча каражаттарын максаттуу багыты боюнча пайдалангандыгын текшерүүгө, чыгымдардын сметасын бекитүүгө жана алардын аткарылышын контролдоого;

- ведомстволук жана аймактык бөлүмдөр, ведомстволук мекемелер тарабынан кабыл алынган Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келген актыларды токтото турууга;

- жалпыга маалымдоо каражаттарын жана маалымат агенттиктерин түзүү боюнча сунуштарды Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кароосуна белгиленген тартипте киргизүүгө;

- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык башка укуктарды жүзөгө ашырууга.

(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 6-апрелиндеги № 189 токтомунун редакциясына ылайык)

 

6. Министрликтин ишин уюштуруу

 

12. Министрликти Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык кызмат ордуна дайындалуучу жана кызмат ордунан бошотулуучу Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри (мындан ары − министр) башкарат.

13. Министр Министрликке жүктөлгөн милдеттердин аткарылышына жана белгиленген иш чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын жүзөгө ашырылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат.

14. Министр:

1) Министрликтин, анын коллегиясынын, борбордук аппаратынын, ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрүнүн, ведомстволук мекемелеринин ишин жалпы жетектейт жана Министрликке жүктөлгөн милдеттердин аткарылышы үчүн жоопкерчилик тартат;

2) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, Кыргыз Республикасынын ишканалары, мекемелери жана уюмдары жана Кыргыз Республикасынын аймагындагы чет мамлекеттер менен мамилелерде Министрликтин атынан чыгат, өз ыйгарым укуктарынын чегинде Министрликтин компетенциясына кирген маселелер боюнча өз ара аракеттенүү жана кызматташуу жөнүндө сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт;

3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Жобого ылайык Министрликтин системасында аткарууга милдеттүү болгон ведомстволук актыларды чыгарат;

4) министрдин орун басарларынын ортосунда милдеттерди бөлүштүрөт;

5) белгиленген тартипте Министрликтин системасынын өзгөчө айырмаланган кызматкерлерин мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоого жана ардактуу наамдарды ыйгарууга көрсөтөт, моралдык жана материалдык дем берүүнүн башка чараларын көрөт, анын ичинде ведомстволук сыйлыктар менен сыйлайт;

6) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын номенклатурасына кирген ведомстволук бөлүмдөрдүн жана уюмдардын жетекчилерин кызмат ордуна дайындоого жана кызмат ордунан бошотууга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасына сунуштама киргизет;

7) ведомстволук мекемелердин жетекчилерин, ошондой эле министрдин номенклатурасына кирген башка кызматкерлерди кызмат ордуна дайындайт жана кызмат ордунан бошотот;

8) мамлекеттик кызмат чөйрөсүндөгү мыйзамдарда белгиленген тартипте Министрликтин борбордук аппаратынын кызматкерлерин кызмат ордуна дайындайт жана кызмат ордунан бошотот;

9) Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык этностор аралык мамилелер маселелери боюнча коомдук кабылдамалардын ишин камсыз кылган адамдарды жооптуу катчылар катары жалдайт;

10) ведомстволук бөлүмдөрдүн жана мекемелердин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келген актыларын токтото турат;

11) Министрликтин борбордук аппаратынын жана ведомстволук бөлүмдөрүнүн түзүмүн бекитет, алар Министрликтин милдеттеринин жана функцияларынын өзгөрүшүнө байланыштуу гана өзгөрүшү мүмкүн. Мында министрди дайындоо Министрликтин түзүмүн өзгөртүү үчүн негиз болуп саналбайт;

12) борбордук аппараттын штаттык ырааттамасын белгиленген эмгек акы төлөө фондунун жана чектүү санынын алкагында бекитет;

13) Министрликтин ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрүнүн, ведомстволук мекемелеринин штаттык ырааттамасын белгиленген эмгек акы төлөө фондунун жана чектүү санынын алкагында макулдашат;

14) Министрликтин аймактык бөлүмдөрү жөнүндө жобону макулдашат;

15) аймактык бөлүмдөрдүн жетекчилерин кызмат ордуна дайындоо жөнүндө маселени белгиленген тартипте макулдашат;

16) аймактык бөлүмдөрдүн жетекчилерин кызмат ордунан бошотуу жөнүндө белгиленген тартипте сунуш киргизет;

17) Министрликтин борбордук аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрү жана ведомстволук мекемелери жөнүндө жоболорду бекитет;

18) өз компетенциясынын чегинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт,  Министрликтин компетенциясына кирген маселелер боюнча эл аралык келишимдерге кол коёт;

19) Министрликтин милдеттерине кирген маселелер боюнча ЮНЕСКОнун иштери боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук комиссиясынын ишине катышат;

20) Министрликтин кызматкерлеринин өкүлчүлүктүү органы менен жамааттык келишимге кол коёт;

21) министрдин номенклатурасына кирген кызмат орундарынын тизмесин жана алардын функциялык милдеттерин аныктайт жана бекитет;

22) Министрликтин иш-чараларын жүзөгө ашырууга бөлүнгөн каражаттарды максаттуу пайдаланууну контролдойт;

23) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.

15. Министрликте министрдин биринчи орун басарынын, министрдин орун басарларынын кызмат орундары каралган.

Министрдин биринчи орун басары жана министрдин орун басарлары министрдин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызмат ордуна дайындалат.

Министрдин биринчи орун басары жана министрдин орун басарлары түздөн-түз министрге баш иет жана аларга жүктөлгөн милдеттердин жана ыйгарым укуктарынын чегинде Министрликтин ишин уюштурат.

Министрдин биринчи орун басары жана министрдин орун басарлары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын демилгеси боюнча же министрдин сунушу боюнча ээлеген кызмат ордунан бошотулушу мүмкүн.

(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 28-февралындагы № 100 токтомунун редакциясына ылайык)

16. Министрликте 17 адамдан турган коллегия түзүлөт. Министр, министрдин биринчи орун басары, министрдин орун басарлары, ведомстволук бөлүмдөрдүн жетекчилери коллегиянын курамына кызмат орундары боюнча кирет.

Коллегиянын курамына Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын өкүлү, маданият, маалымат, жаштар, дене тарбия жана спорт ишмерлери кирет. Коллегиянын жеке курамы Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тейлөөчү түзүмдүк бөлүмү менен макулдашуу боюнча министр тарабынан бекитилет.

Коллегиянын иши министрдин буйругу менен бекитилген Коллегия жөнүндө жобо менен аныкталат.

(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 28-февралындагы № 100 токтомунун редакциясына ылайык)

17. Министрликтин ишине коомдук мониторинг жүргүзүү максатында коомдук кеңеш түзүлөт, ал коомдук башталышта иштеген консультациялык-байкоочу орган болуп саналат.

 

7. Корутунду жоболор

 

18. Министрликти кайра уюштуруу жана жоюу Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.

19. Министрлик жоюлганда документтер “Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат.