2025-жылдын 4-октябрында Ош шаарындагы Тургунбай Садыков атындагы облустук көркөм сүрөт музейинде түрк дүйнөсүнүн сүрөтчүлөрүн бириктирген өзгөчө көргөзмө өттү.
Көргөзмөнү Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Аскаралы Мадаминов ачып берди.
Кадырлуу конок катары Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын жетекчисинин орун басары – Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыктын начальниги Азамат Кадыралиев да катышты.
Бул ири долбоор ТҮРКСОЙ менен биргеликте ишке ашып, анда Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Мажарстан, Түркия жана Түндүк Кипрден келген сүрөтчүлөрдүн чыгармалары коюлду.
Көргөзмөнүн максаты – ЮНЕСКОнун Бүткүл дүйнөлүк мурастар тизмесине кирген Сулайман-Тоонун өзгөчө көрүнүштөрүн ар кайсы мезгилде жана бурчтан сүрөткө түшүрүп, дүйнөгө таанытуу.
Көргөзмөнүн алкагында:
• фотопленэрлер
• мастер-класстар
• тегерек столдор өткөрүлдү.
Бул долбоор Кыргызстандын маданий жана туристтик мүмкүнчүлүктөрүн эл аралык деңгээлде даңазалоого чоң салым кошот.