«Үмүт» жаш киночуларынын он биринчи форуму өтөт

Март 12, 2024 - 18:15
 0  54
«Үмүт» жаш киночуларынын он биринчи форуму өтөт
2024-жылдын 28-мартынан 31-мартына чейин Бишкекте «Үмүт» жаш киночуларынын он биринчи форуму өтөт.
«Үмүт» кинофоруму 2013-жылдан бери КМШга мүчө-мамлекеттердин гуманитардык кызматташтык боюнча мамлекеттер аралык фондунун колдоосу менен КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Кинематография департаменти тарабынан өткөрүлүп келет.
Иш-чара таланттуу жаштарды колдоо, тасмаларды эл аралык кинофестивалдарга даңазалоо, жаңы режиссёрлорду табуу жана жаш кинорежиссерлордун профессионалдык өсүшүнө көмөк көрсөтүү максатында өткөрүлүүдө.
Быйыл форум Кыргыз Республикасынын Эл артисти, советтик жана кыргыз кинорежиссеру Бекеш Абдылдаевдин 90 жылдыгына арналат.
XI форумдун программасында:
- улуттук жана эл аралык программаларды талкулоо менен көрсөтүү (дүйнөлүк кинематография чөйрөсүндөгү алдыңкы эксперттер менен пикир алышуу);
- кыска метраждуу фильмдердин кинодолбоорлорун көрсөтүү;
- престиждүү Эл аралык кинофестивалдардын катышкан жана алдынкы орундарды багындырып келген тасмалардын атайын көрсөтүүлөрү;
- Чет өлкөлөрдүн алдыңкы кинорежиссерлорунан мастер-класстар жана лекциялар;
- эл аралык кинофестивалдардын жарманкеси.уюштуруучулардын атайын презентациялары менен Форумдун ачылыш аземи 29-мартта Ала Тоо кинотеатрында саат 11:00дө болот.
Форумдун тууралуу кеңири маалымат Форумдун социалдык баракчаларында, ошондой эле «Үмүт форумунун» сайттарында жарыяланган.(https://www.iffumut.com/ ) жана kyrgyz cinema http://www.kyrgyzcinema.com/index.php?lang=ru
Форумдун бардык иш-чараларына кирүү акысыз.
Байланыш үчүн телефондор:
+9960312300141
+9960312300756