Алтынбек Максутов Кыргызстандагы БУУ КЖКБнын жетекчиси Елена Гусева менен жолукту

Март 28, 2024 - 18:10
 0  28

Бүгүн, 28-мартта Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов БУУнун Качкындар иштери боюнча Жогорку комиссарынын башкармалыгынын жетекчиси Елена Гусева менен жолукту (БУУ КЖКБ).
Баарлашуунун жүрүшүндө Елена Гусева БУУ КЖКБнын Кыргызстандагы качкындарды колдоо жаатындагы ишмердүүлүгү тууралуу айтып берди. Ал мандаттуу качкындарга болгон өзгөчө камкордугун баса белгилеп, алардын өлкөнүн маданий жана спорттук турмушуна баа жеткис салымын айтып, учурда жүздөн ашуун адам укуктук статусу бүдөмүк абалда экенин, бул алардын ишмердүүлүгүн, анын ичинде ар кандай эл аралык мелдештерге катышуусун чектеп жатканын маалымдады.
Өз кезегинде Министр Өкмөт тарабынан "Кайрылман" программасына ылайык этникалык кыргыздарды кайтаруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер, ошондой эле Россиядан жана Украинадан көчүп келгендерге консультациялык жардам көрсөтүлүп жаткандыгы тууралуу маалымат берди.
Тараптар Эл аралык качкындар күнүнүн жана башка маанилүү окуялардын алкагында биргелешкен иш-чараларды өткөрүүгө даярдыгын билдиришти. Ошондой эле качкындарды ар кандай программалар жана окутуу курстары аркылуу интеграциялоо маселелери талкууланды.
Кыргызстандагы БУУ КЖКБнын жетекчиси Министрликке Кыргызстандын ар түрдүү коомчулугун социалдаштырууга жана кызматташууга багытталган ишмердүүлүкө көрсөткөн колдоосу жана кызматташуусу үчүн терең ыраазычылык билдирди.