“Шаньдун провинциясынын меймандостугу, Жибек- жолундагы көп кылымдык достук” иш – чарасы өттү

Сентябрь 14, 2023 - 22:25
 0  48
“Шаньдун провинциясынын меймандостугу, Жибек- жолундагы көп кылымдык достук” иш – чарасы өттү
Бүгүн, 7- сентябрда Т. Сатылганов атындагы кыргыз улуттук филармониясында Борбордук Азия жана Кытай элдеринин маданият жана искусство жылынын алкагында “Шаньдун провинциясынын меймандостугу, Жибек жолундагы көп кылымдык достук” аттуу иш- чарасы өттү.
Ага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов, Шаньдун провинциясынын парткомунун Туруктуу комитетинин Башкы катчысы Чжан Хайбо, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Кайрат Иманалиев, Кытай эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Ду Дэвень айым, атайын чакырылган меймандар жана кеңири коомчулук катышты.
Салтанаттуу ачылышта чыгып сүйлөгөндөр Кыргызстан менен Кытай мамлекетинин ортосундагы маданий гуманитардык, экономикалык байланыштын маанилүү багыттары, «Бир алкак, бир жол» демилгеси он жылдык мааракесинин белгиленип жатышы, 2023-жылы Кыргызстан менен Кытай эл Республикасынын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөнүнө 31 жыл толгондугу, ал жылдар аралыгында достук жана шериктештик мамилелер тууралуу сөз сүйлөштү. Ошондой эле, эки өлкөнү жалпы чек ара, бекем достук, өнүгүүгө умтулуу бириктире тургандыгы айтылды.
Атайын даярдалган маданий иш-чара Шаньдун элдик музыкасы, акробатикалык оюн-зоок, кытай операсы, ошондой эле кыргыз бийи жана музыкасы менен менен коштолду.