Мамлекет тарабынан маданият тармагына бөлүнгөн каражаттарга Маданият министрлигинин карамагындагы окуу жайларга музыкалык аспаптар алынат

Сентябрь 14, 2023 - 22:30
 0  88
Мамлекет тарабынан маданият тармагына бөлүнгөн каражаттарга Маданият министрлигинин карамагындагы окуу жайларга музыкалык аспаптар алынат
Инструменттерди К. Молдобасанов атындагы кыргыз Улуттук консерваториясы, П. Шубин атындагы Борбордук балдар музыкалык мектеби, М. Күренкеев атындагы Кыргыз мамлекеттик музыкалык окуу жайы, Б. Бейшеналиева атындагы кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университети, М. Абдраев атындагы музыкалык мектеп- интернаты, Ч. Базарбаев атындагы Бишкек хореографиялык окуу жайы жана Ниязалы атындагы Ош мамлекеттик музыкалык окуу жайлары сатып алышат.
Тактап айтканда, Америка өндүрүшүнөн чыккан Steinway-Sons D-274 концерттик роялы, Япон өндүрүшүнөн чыккан Shigeru Kawai SK-7 L премиум класстагы концерттик роялы, Kawai SK-15Е М/РЕР акустикалык пианино, Акустикалык рояль, Фортепиано, Контрабас, Аккордеон, волтмейстер, урма аспаптар, гобой, кларнет, флейта, кыл кыяк, жетиген, саксофон, бас кыяк, добулбас, балалайка, домбра, бас комуз, синтезатор ямаха ж.б.ушул сындуу аспаптар алынмакчы.
Бюджеттен 200,0 млн. сом каралууда.