2025-жылдын
3-октябрынан тартып К. Жантөшев атындагы Ысык-Көл облустук музыкалык драма театрынын директорлук кызматына Таалайбек Рустамович Тургунов дайындалды.
Бул чечим министрликтин тармактык кадрдык саясатын өнүктүрүү жана театр чөйрөсүндөгү чыгармачылык ишмердүүлүктү өркүндөтүү максатында кабыл алынды.
Аталган чечим менен театрдын эмгек жамаатына министрдин биринчи орун басары Союзбек Надырбеков тааныштырды.
Таалайбек Рустамович Тургунов искусство тармагында бай тажрыйбага ээ адис.
• 2006–2010-жж. — Б. Кыдыкеева атындагы Кыргыз Мамлекеттик жаш көрүүчүлөр театрынын I категориядагы артисти.
• 2011-ж. — “Учур” Мамлекеттик жаштар театрынын II категориядагы артисти.
• 2011–2015-жж. — М. Жангазиев атындагы Кыргыз Мамлекеттик куурчак театрынын актер-куурчакчысы (алгач II категория, кийин I категория, андан соң жогорку категория).
• 2015–2016-жж. — Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз Улуттук академиялык драма театрынын администратору жана режиссер-постановщиги.
• 2016-ж. — Райондук маданият үйүнүн директору.
• 2016–2020-жж. — Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз Улуттук академиялык драма театрынын администратору.
• 2020-жылдан тартып — Б. Кыдыкеева атындагы Кыргыз Мамлекеттик жаш көрүүчүлөр театрынын директору.
• 2024-жылдан бүгүнкү күнгө чейин — Барпы атындагы Жалал-Абад облустук кыргыз драма театрынын директору.
Билими
• Жогорку билим. Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз Мамлекеттик Маданият жана искусство университети, Бишкек.
Кошумча маалымат
• Бир канча кинотасмаларда тартылган, майрамдык жана салтанаттуу иш-чараларды уюштуруу жана алып баруу тажрыйбасына ээ.
Министрлик жаңы директорго чыгармачылык ийгиликтерди каалап, театр жамааты менен биргеликте маданий турмушту өркүндөтүүдө ийгиликтүү иш алып бараарына ишеним билдирет.