Мирбек Мамбеталиев Индиянын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси менен жолугушту

Июнь 17, 2025 - 16:22
 8

Бүгүн, 17-июнда Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев Индия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Бирендер Сингх Ядав менен жолугушту.

Жолугушууда тараптар гуманитардык жана маданий тармактардагы кыргыз-индия кызматташтыгынын туруктуу мүнөзүнө токтолуп, бул мамилелер өз ара урматтоого, жалпы баалуулуктарга жана тарыхый жакындыкка негизделгенин белгиледи. Өзгөчө көңүл жаштар саясатын өнүктүрүүгө, анын ичинде студенттик алмашуу долбоорлору жана ыктыярчылык программаларга бурулду.

Ошондой эле, кино жана аудиовизуалдык контент жаатында кызматташууну кеңейтүүнүн келечеги талкууланды. Тараптар биргелешкен кинодолбоорлорду ишке ашыруу, кино тармагындагы адистердин тажрыйба алмашуусу, эки өлкөнүн өкүлдөрүнүн кинофестивалдарга жана кесиптик аянтчаларга катышуусу боюнча сунуштарды карады.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар Кыргызстан менен Индиянын ортосундагы маданий диалогду тереңдетүүгө болгон өз ара кызыгууну ырастап, элдердин жакындашуусуна багытталган жаңы демилгелерди ишке ашырууга даяр экендиктерин билдирди.