15-июнда Бишкек шаарындагы А. Изибаев атындагы Кыргыз мамлекеттик циркинин манежинде дүйнөлүк деңгээлдеги эң ири бий фестивалдарынын бири – Fusion Concept Festival 2025тин Кыргызстандагы тандоо этабы болуп өттү.
Бул фестиваль заманбап бий өнөрүнүн чыгармачылык менен спорттун айкалышкан өзгөчө формасы экенин дагы бир ирет тастыктады.
Fusion Concept Festival – дүйнө жүзүнөн таланттарды чогулткан, техника менен чыгармачылыкты айкалыштырган жана бий маданиятынын жаңы өңүттөрүн ачкан алдыңкы эл аралык иш-чаралардын бири. Ар жылы өткөрүлүүчү фестиваль профессионалдык өнүгүү үчүн бийчилерге кеңири мүмкүнчүлүктөрдү берип, аларды эл аралык сахнага чыгарат.
Кыргызстандагы тандоо туру Жан Воиновдун уюштуруусунда Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин колдоосу менен өткөрүлдү. Бул колдоо өлкөдө маданий демилгелердин өнүгүүсүнө жана аларды эл аралык деңгээлге чыгарууга көңүл бурулуп жатканын айгинелейт.
Фестивалдын алкагында жүздөгөн таланттуу бийчилер Freestyle 2x2, Hip-Hop Pro, Popping Pro жана Best Show сыяктуу номинациялар боюнча таймашып, өз өнөрлөрүн көрсөттү.
2x2 категориясында башкы байге – Парижде өтүүчү дүйнөлүк Fusion Concept Festival 2025 финалына жолдомо жана бардык чыгымдар толугу менен камсыздалган сапар болду.
Сынактын калыстар тобунун курамында дүйнөгө таанымал, көптөгөн титулдардын ээси болгон кесипкөй бийчилер: Kanon Akessa, Tony Meryl, Benjamin Wichert, Sonia Bel, Anthony Marcel, Jessica Amandine, Anastasiia Kozhemiako, Жан Воинов жана башкалар болду.
Кыргызстандын атынан жеңүүчү болуп чыккан дуэт – HustleTwinz деген ат менен белгилүү эгиз бийчилер Ома жана Ема. Алар өлкөбүздү эл аралык деңгээлде таанытууга уникалдуу мүмкүнчүлүк алды. Алардын 2025-жылдын күздөгү Парижде өтүүчү финалдык баскычка катышуусун Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги колдойт.
Мындай иш-чаралар кыргызстандык жаштарга өздөрүн дүйнөгө таанытууга, чыгармачылык мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтүүгө жана маданият аркылуу эл аралык деңгээлде тажрыйба алмашууга шарт түзөт.