Алтынбек Максутов Малайзиянын Туризм, искусство жана маданият министри Тионг Кинг Синг мырза менен жолугушту

Май 15, 2024 - 22:04
 14
Алтынбек Максутов Малайзиянын Туризм, искусство жана маданият министри Тионг Кинг Синг мырза менен жолугушту
Бүгүн, 15-майда Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов Малайзиянын Премьер-министри Анвар Ибрагимдин Кыргызстанга болгон расмий сапарынын алкагында Малайзиянын Туризм, искусство жана маданият министри Тионг Кинг Синг мырза менен «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында жолугушту.
Алтынбек Максутов алгач кыргыз-малайзиялык достук мамилелерди чыңдоодо жана кызматташуунун приоритеттүү багыттарын аныктоодо маданият жаатындагы кызматташуунун бардык деңгээлинде бирге иш алып барууга даяр экендигин белгилеп, министрге күнөстүү Кыргызстанга кош келипсиз деп сөз баштады.
Министр өз сөзүндө дүйнөлүк аренада жумшак күчтүн кубаттуу куралы катары маданияттын ролун баса белгилеп, эки элдин маданиятынын өзгөчөлүгүнө жана дүйнөлүк маданиятка түс берген салымын айтыпп, дүйнө элинин көңүлүн буруу үчүн маданий баалуулуктарыбызды жана искусствобузду жайылтууда кызматташуубуз керек деп белгиледи.
Ал эми, Тионг Кинг Синг мырза өз кезегинде кызматташуудагы артыкчылыктуу багыттарды белгилеп, мындай кызматташуу келечекте өз жемишин берет деген ишеничин билдирди.
Жолугушууда Кыргызстан менен Малайзиянын кызматташуусунун тарыхындагы алгачкы маанилүү эки тараптуу сүйлөшүүлөр экендиги белгиленип, алдыда иш алып баруунун артыкчылыктуу багыттары, анын ичинде эки мамлекеттин маданият, искусство, тарыхый баалуулуктар жана кино индустария тармагындагы байланыштар жана келечекте кызматташуулар тууралуу сүйлөшүүлөр болду.
Жолугушууга ошондой эле, Туризм департаментинин директору Максат Усубалиев катышып, Кыргызстан-Малайзиянын мурда түзүлгөн макулдашууларын актуалдаштыруу керек экендиги айтылып, туризм тармагын жандандыруу жана Кыргызстан- Малайзиянын ортосунда түз авиа каттамдарды ачуу боюнча талкууланды.
Жыйынтыгында маданият тармагындагы кызматташуу жөнүндө меморандумдун долбоорун биргеликте иштеп чыгууну тууралуу макулдашылып, бул меморандум эки тараптуу маданий иш-чараларды уюштуруу, фестивалдарга катышуу, чыгармачылык менен алмашууга жол ачат деп белгилешти.