Бүгүн, 30-майда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов Чүй облусунун Аламүдүн жана Ысык-Ата райондоруна жумуш сапар менен барды.
Сапардын алкагында ал маданий объектилердин азыркы абалы жана калкка көрсөтүлүп жаткан кызматтардын сапаты менен таанышты. Иш-чарага Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев, Ысык-Ата районунун акими Эркеайым Сейтказиева жана райондук маданият бөлүмүнүн башчысы Клара Нарынбаева катышты.
Жумушчу программа Кочкорбаев айыл өкмөтүндөгү Токуш Сыдыков атындагы Маданият үйүнө жана Кеңеш айылындагы №2 айылдык китепканасына баруу менен башталды.
Текшерүүнүн жыйынтыгында Эдиль Байсалов мекемелердин материалдык-техникалык базасын чыңдоо, маданий тейлөөнүн сапатын жогорулатуу жана кызматкерлерге татыктуу иштөө шарттарын түзүү боюнча тапшырмаларды берди.
Андан соң ал Кант шаарындагы райондук Маданият үйүнө барып, эки райондун мамлекеттик администрация жетекчилери, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана маданий мекемелердин кызматкерлери менен жыйын өткөрдү.
Жолугушуунун жүрүшүндө мамлекеттик маданий саясаттын приоритеттери жана жүргүзүлүп жаткан реформалардын күтүлгөн натыйжалары талкууланды. МинКаб Төрагасынын орун басары маданият кызматкерлеринин суроолоруна жооп берип, алардын сунуштарын угуп, мындан аркы диалогго даяр экендигин билдирди.