МИРБЕК МАМБЕТАЛИЕВ МАДАНИЯТ МИНИСТРЛИГИНЕ ТАПШЫРЫЛГАН АВТОБУСТАРАРДЫ КАБЫЛ АЛДЫ
Бүгүн, 18-июль күнү Бишкектеги Турдакун Усубалиев атындагы эски аянтта Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигине жаңы унаалар салтанаттуу түрдө тапшырылды.
Иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев, Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев жана министрликке караштуу маданият жана искусство мекемелеринин жетекчилери, кызматкерлери жана жаштар уюмдарынын өкүлдөрү катышты.
Жалпы 72 унаа тапшырылды.
Анын ичинен:
51 орундуу - 5 чоң автобус
37 орундуу -10 автобус
15 орундуу - 57 кичи автобус
Тапшырылган унаалар маданий иш-чараларды, фестивалдарды жана жаштар саясатын өнүктүрүүгө багытталган иштердин натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн пайдаланылат. Ошондой эле, автобустар аймактарда логистиканы жакшыртып, маданий жана жаштар демилгелерин ыкчам ишке ашырууга жана түзүлгөн кырдаалдарга өз учурунда жооп кайтарууга мүмкүндүк берет.
Иш-чара өлкөдөгү маданият менен жаштар саясатын өнүктүрүүгө арналган кеңири реформалардын алкагында ишке ашууда.