КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЭЛ АРТИСТИ САТЫЛГАН ОСМОНОВ ДҮЙНӨ САЛДЫ

Кыргыз маданияты менен искусствосу оорду толгус жоготууга учурады.
Кыргыз Республикасынын эл артисти көрүнүктүү композитор, педагог жана коомдук ишмер, “Кыргыз Республикасынын композиторлор союзу” коомдук бирикмесинин мүчөсү Сатылган Осмонов 87 жаш курагында узакка созулган оорудан дүйнөдөн кайтты.
Сатылган Осмонов 1938-жылы Чүй өрөөнүндөгү Кегети айылында туулган. Балалыгы оор сыноолор менен өттү, кичинесинен ата-энесинен айрылып, атактуу жомокчу болгон чоң атасынын колунда чоңойгон. Чоң атасынын жомоктору менен уламыштары анын дүйнө таанымын жана чыгармачылык сезимин ойготкон. Музыка дүйнөсүнө ал комуз жана башка аспаптарда элдик обондорду аткаруу менен кирген.
М. Куренкеев атындагы музыкалык-хореографиялык окуу жайды аяктагандан кийин, Сатылган Осмонов Ташкент консерваториясында окуп, ошол эле учурда педагогдук ишмердүүлүгүн жүргүздү. Дал ушул жылдары анын алгачкы олуттуу чыгармалары музыка чөйрөсүндө чоң кызыгуу менен кабыл алынып, өзгөчө таасирдүүлүгү менен айрымаланып турган.
Анын чыгармалары чыныгы драматизм, баатырдык, эпикалык кеңдик жана эң башкысы лирикалык тереңдик менен айырмаланып турчу. «Ак-Мөөр» симфониясы, скрипка үчүн оркестр коштоосундагы концерттери, жана симфониялык поэмалары, камералык ансамблдери, хору, романдары - угармандардын эсинде узакка сакталуучу чыгармалар болуп сакталып калды.
Осмоновдун чыгармачылыгында өзгөчө орунду «Сепил» операсы ээлейт. Ал 1987-жылы А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында коюлуп, улуттук колоритке бай, мазмуну жана музыкасы жагынан масштабдуу табылга катары бааланды.
Сатылган Осмонов педагогикалык репертуар үчүн көп композициялык музыкалык эмгектери, аспаптык пьесаларды, ырларды жана вокалдык циклдерди жазды. Өзгөчө баалуу мурастарынын катарына Кыргыз Республикасынын эл акыны А. Жакшылыковдун сөздөрүнө жазылган 25 романстан турган эки цикл кирет. Бул анын лирикалык өнөрүнүн чокусу болуп калды.
Ошондой эле анын акыркы жазган чыгармаларынан “Алымбек менен Курманжан” аттуу улуттук тарыхый-драмалык опера болуп саналат.
Сатылган Осмоновдун чыгармачылык жолу ар тараптуу болду.
Улуттук музыканын өнүгүшүнө кошкон зор салымы үчүн мамлекет тарабынан жогору бааланып, 1990-жылы Кыргыз Республикасынын маданиятынын эмгек сиңирген ишмери, ал эми 2019-жылы Кыргыз Республикасынын эл артисти ардак наамдары ыйгарылган.
2008-жылы анын 70 жылдык мааракеси өлкө боюнча кеңири белгиленип, чоң юбилейлик иш-чара өткөрүлгөн.
Кыргыз элибизге бүтүндөй өмүрүн арнап, маданият жана искусство тармагында өчпөс из калтырып кеткен көрүнүктүү композитор Сатылган Осмоновдун жаркын элеси кыргыз журтунун, маданият, искусство жана музыка сүйүүчүлөрдүн, замандаштарынын, кесиптештеринин, жакын туугандарынын, үй-бүлөсүнүн эсинде түбөлүккө сакталат.