Чыңгыз Эсенгул уулу Казакстандын Спорт жана туризм министри Эрмек Маржикпаев менен жолугушту

Май 26, 2024 - 11:24
 11
Чыңгыз Эсенгул уулу Казакстандын Спорт жана туризм министри Эрмек Маржикпаев менен жолугушту
Бүгүн, 26-майда Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу Алмата шаарында (Казакстан) өтүп жаткан ШКУга мүчө мамлекеттердин спорт министрлеринин кеңешмесинин алкагында Казакстан Республикасынын Спорт жана туризм министри Эрмек Маржикпаев менен жолугушту.
Чыңгыз Эсенгул уулу аталган жыйынга катышууга чакыргандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутовдун атынан ыраазычылык билдирип, куттуктоо сөздөрүн айтты.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар өлкөлөр ортосундагы дене -тарбия жана спорт жаатындагы кызматташуунун негизги милдеттерин талкуулашты. Тараптар бул чөйрөдө өз ара аракеттенүүнү мындан ары да кеңейтүүгө умтулууларын билдиришти.
Тараптар ошондой эле жогорку спорттук жетишкендиктерди даярдоо үчүн өлкөлөр ортосунда өз ара кызматташуу меморандумуна кол коюуну карап чыгууну макулдашышты.
Казакстандын Спорт жана туризм министри Ермек Маржикпаев жолугушуу учурунда Кыргызстандын улуттук курама командаларын үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында Астана шаарында өтө турган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышуу үчүн расмий түрдө чакырды.