Чыңгыз Эсенгул уулу Россиянын Спорт министри Михаил Дегтярев менен жолугушту

Май 25, 2024 - 18:28
 9
Чыңгыз Эсенгул уулу Россиянын  Спорт министри Михаил Дегтярев менен жолугушту
Бүгүн, 25-майда Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу Алматы шаарында өткөн ШКУга мүчө мамлекеттердин спорт министрлеринин кеңешмесинин алкагында Россия Федерациясынын Спорт министри Михаил Дегтярев менен жолугушту.
Тараптар кыргыз-россиялык эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү, ошондой эле спорт жаатындагы биргелешкен демилгелерди талкуулашты.
Чыңгыз Эсенгул уулу кыргыз спортчуларынын Россиянын аймагындагы эл аралык турнирлерге катышуусу улантыларын, бул маселелер тиешелүү ведомстволордун жетекчилеринин деңгээлинде макулдашыла турганын баса белгиледи. Мындан тышкары ал спорт жана дене тарбия чөйрөсүндө эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча мындан аркы пландар тууралуу айтып берди.
Өз кезегинде Россиянын Спорт министри Михаил Дегтярев спорт жаатындагы байланыштар эки өлкөнүн өз ара мамилелеринде маанилүү орунду ээлегенин белгилеп, кыргыз тарапка спортту басым көрсөтүүнүн жана аны саясатташтыруунун аспабы катары колдонууга жол берилбестиги тууралуу тилектештик позициясын биргелешип көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылыгын билдирди.
Ал ошондой эле Кыргыз спортчуларын июнь айында Казанда (Татарстан) өтө турган БРИКС оюндарына (эл аралык мультиспорттук иш-чара), июнь-июль айларында Якутскта (Саха Республикасы) өтө турган "Азия балдары" эл аралык мелдештерине жана сентябрда Москва менен Екатеринбургда өтө турган Дүйнөлүк Достук оюндарына катышууга чакырды.