Филармонияда кыргыздын белгилүү залкар акыны Барпы Алыкуловдун 140 жылдык мааракесине арналган иш-чара өттү

Сентябрь 24, 2024 - 09:57
Октябрь 2, 2024 - 09:57
 82

Бүгүн, 24-сентябрда Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясында кыргыздын белгилүү залкар акыны жана улуу ойчул Барпы Алыкуловдун 140 жылдык мааракесине арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү.
Ага Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов, Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов, ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун башкы катчысы Султан Раев, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев жана бир катар маданият ишмерлери катышты.
Иш-чара Кыргыз Улуттук филармониясынын фойесинде Барпы Алыкуловдун бюстун ачуу менен башталды.
Алтынбек Максутов акындын чыгармачылыгы жана анын басып өткөн жолу тууралуу баяндама жасап “Барпы Алыкулов көзү көрбөсө да көкүрөгү менен туюп, көөдөнү кенен төкмөсү менен улуулук - сулуулуктун маанисин таасын чагылдырган акындык кайратмандыгы аркасында калкыбыздын тарыхында калды. Улуу акын кыргыз улутунун адабиятына, маданиятына, көркөм өнөрүнө калтырып кеткен мурастары, асыл чыгармалары, өзүнүн элеси менен бирге коомубузда түбөлүккө жашай бермекчи” – деди.
Ошондой эле, акындын ырлары бүгүнкү күндө өз актуалдуулугун жоготопой келе жатканы, анын адамдык парасаты жана жогорку чыгармачылык касиети тууралуу жылуу пикирлер айтылды.
Иш-чара Н. Түгөлов атындагы Мамлекеттик “Ак-Марал” бий ансамбли, Эл акындар Амантай Кутманалиев жана Азамат Болгонбаев, КР эмгек сиңирген артисти Тилек Найманбаев жана Өмүрзак Кайыпов, Э. Турсуналиев атындагы “Эл ырчысы Эстебес” тобунун ырчылары, К. Орозов атындагы Мамлекеттик академиялык эл аспаптар оркестри, ырчы Эламан Жалалов жана Улуттук филармониянын хору тарабынан даярдалган концерттик программа менен аяктады.
Эске салсак, Министрлик менен ТҮРКСОЙ эл аралык уюму биргеликте Барпы Алыкуловдун бюстун даярдап Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын имаратында орнотулду. Скульптору Тамила Маматова.
Маалымат иретинде:
Акын-импровизатор Барпы Алыкулов Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Ачы айылында 1884-жылдын 30-сентябрында кедей-кембагалдын үй-бүлөөсүндө туулган. Сегиз жашынан кулак-байларга иштеп, Кыргызстанга Совет бийлигинин келиши менен өзүнүн жаңы жашоосун курууга активдүү катыша баштайт. Басмачыларга каршы күрөш жүргүзөт. 20-жылдары крестьян комитетинде төрага болуп, Жалал-Абад кантонунун (азыркы Сузак району) Чанген айылдык кеңешинде төраганын орун басары болуп иштейт. Ошондой эле өз айылында колхоздун уюштуруусунда чоң иш-чараларды алып барат.
15 жашынан ал кездеги атактуу акындар менен Барпы өзүнүн байлардын жана манаптардын адилетсиздигин, ач көздүгүн чагылдырып, эзилген элдин оор абалын айтып, айтыштарга түшөт. Совет бийлигинин тамыры кыргыз элине жайылганда, акын айылдарга барып Ленинди, Улуу Октябрды, Коммунистикалык партияны Улуу агам - Ленин, Бул ырдын аты - Октябрь, Партия аттуу ырларында дилгирленип ырдай баштайт.
1929-жылы катуу оорудан кийин Барпы Алыкуловдун эки көзү көрбөй калат, бирок ошого карабастан коомдук жашоого активдүү катышып, ырларын жаза берет. Акындын чыгармачылыгында Токтогул Сатылганов менен болгон кездешүүсүндө унутулгус из калтырат. Барпынын Буракжан, Мырзайым, Арзыкан, Мөлмөлүм, Дилбар, Гүлдөгөн кыздар, Ак жылдыз жана башка ырлары кыргыздын сүйүү лирикасынын классика үлгүсү болуп калган.
Мындан сырткары, Барпы Алыкуловдун ыр чыгармачылыгынында айтыштар өзгөчө орунду ээлейт. Ал бул жанрды чебер деңгээлге чейин жеткирип, буга Барпы менен Токтогулдун айтышы күбө.
Даанышман акын 1949-жылы 9-ноябрда Фрунзе шаарында (азыркы Бишкек шаары) дүйнөдөн кайтып, сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө коюлган.