ЫСЫК-КӨЛДӨ ӨТЧҮ ДҮЙНӨЛҮК "РУХ САНАТ" ФЕСТИВАЛЫНА 51 ӨЛКӨДӨН 130дан АШЫК МАДАНИЯТ ӨКҮЛДӨРҮ КЕЛЕТ

Кыргызстан масштабдуу эл аралык мааниге ээ – Бүткүл дүйнөлүк "Рух Санат" салттуу маданият жана музыка фестивалын өткөрүүнүн алдында турат. Фестиваль 1-3-август күндөрү Чолпон-Ата шаарындагы "Рух Ордо" маданий-этнографиялык комплексинде өтөт.
Маданий иш-чарага 51 өлкөдөн 133 салттуу музыкалык искусствону алып жүрүүчүлөр, ишмерлер жана илимпоздор катышат . Алардын арасында Австрия, Улуу Британия, Индия, Түштүк Корея, Египет, Япония, Казакстан, Өзбекстан, Россия, Түркия, Франция, АКШ жана ондогон башка өлкөлөрдөн келе турган музыканттар , окумуштуулар, ишмерлер жана продюсерлер бар.
Фестивалдын алкагында өтүүчү иш-чаралар:
Салттуу музыкалык искусствону алып жүрүүчүлөрдүн Эл аралык сынагы;
Салттуу маданият жана искусствонун илимий-теориялык маселелерине арналган Эл аралык конгресс;
Салттуу музыкалык искусство Маркет аянтчасы – маданий тажрыйбалардын жана идеялардын жарманкеси.
"Рух Санат" фестивалынын алкагында оозеки салттагы профессионалдык музыкалык искусствонун аваздык-аспапчылык багыты боюнча Эл аралык сынак өтөт. 7-июлга карата алынган маалыматка ылайык, АКШдан Японияга чейин, Венгрия, Бангладеш, Гвинея жана Непал сыяктуу өлкөлөрдөн, б.а., 15 өлкөдөн 60 катышуучу, анын ичинде 9 жеке аткаруучу жана 12 топ катышат. Кыргызстандын атынан катышуучулар такталууда.
Сынактын катышуучулары өз элинин уникалдуу чыгарамаларын, мисалга, тувалыктар көмөкөй ырын, жапондор тайко барабандарын, араб макамдарын, казак, өзбек күүлөрүн тартуулашмакчы. Сынак этностордун оозеки салттагы профессионалдык музыкалык искусствосунун бийик дараметин, өзгөчөлүгүн, кубатын чагылдыруу менен бирге, катышкан музыканттардын профессионалдык деңгээли аркылуу бүгүнкү күндөгү аталган искусствонун абалын айгинелейт.
"Рух Санат" фестивалынын алкагында өтө турган “Салттуу маданият жана искусство: сактоо, өнүгүү маселелери” аталышындагы Эл аралык конгресске жүздөн ашуун окумуштуулар, этно музыка таануучулар онлайн, оффлайн форматта катышат. АКШ, Нидерланды, Россия, Словения, Малайзия, Япония, Улуу Британия жана Казакстан жана башка 20 өлкөдөн көрүнүктүү изилдөөчүлөр келмекчи.
Конгрессте материалдык эмес мурастарды сактоо, салттуу музыкалык искусствону санариптештирүү, архив, маданий саясат жана этностордун руханий мурасын жайылтууга арналган маселелер каралат. Спикерлердин арасында Салттуу Музыка жана Бий Эл аралык Кеңешинин (ICTMD) президенти жана мүчөлөрү, алдыңкы университеттердин профессорлору жана илимий журналдардын редакторлору бар.
"Рух Санат" фестивалынын өзгөчө бөлүгү – салттуу музыканы алып жүрүүчу музыканттар, фестивалдарды уюштуруучулар жана чыгармачыл жамааттар үчүн маркет. Бул жөн гана көргөзмө эмес, бул диалог, тажрыйба алмашуу жана жаңы эл аралык байланыштарды түзүү аянтчасы.
Маркетке, Египет, Германия, Түштүк Корея, Индия, Түркия, Грузия, Өзбекстан өлкөлөрүнөн, т.а., 14 өлкөдөн 38 катышуучулардын келээри белгилүү болду. Катышуучулардын арасында BANI (Грузия), TURAN (Казакстан), IPEK YOLU ("Жибек Жолу", Түркия) сыяктуу легендарлуу этно-топтор жана ZAII ZAMAN (Египет) ансамбли бар.
Кыргызстанда алгачкы жолу өтүп жаткан "Рух Санат" Бүткүл дүйнөлүк салттуу маданият, музыка фестивалы дүйнө элдеринин музыкалык мурасы менен таанышууга жана кыргыздын, Кыргызстанда жашаган этностордун салттуу маданиятын таанытууга арналган масштабдуу эл аралык иш-чара болууга умтулат.
Фестивалды уюштуруучулар:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети;
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги; Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Салттуу маданият жан искусство илимий-изилдөө борбору;
Түрк мурасы жана маданияты фонду;
Кыргыз Улуттук "Манас" театры.