КАРАКОЛДО XIX ЭЛ АРАЛЫК САЛТТУУ МАДАНИЯТ ЖАНА КОЛ ӨНӨРЧҮЛҮК «ОЙМО» ФЕСТИВАЛЫ ӨТТҮ
Борбор Азия аймагындагы маданий мурастар жана креативдүү индустриялар жаатындагы эң ири иш-чаралардын бири “Оймо” фестивалы өттү . XIX Эл аралык салттуу маданият жана кол өнөрчүлүк фестивалы Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында 1-5-июль күндөрү болду. Анын негизги максаты маданий мурасты сактоо, салттуу билимдердин мураскорлугун жандандыруу, кол өнөрчүлүк рыногун жана маданиятка негизделген креативдүү индустрияларды өнүктүрүү, ошондой эле Кыргызстандын эл аралык экотаза маданий туризм аймагына айланышына өбөлгө түзүү. Фестиваль жыл сайын ондогон өлкөлөрдөн келген конокторду жана катышуучуларды чогултат. Бул жылы Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Россия, Индия, Түркия, Венгрия, Непал жана башка өлкөлөрдөн 300дөн ашык катышуучу келди: кол өнөрчүлөр, сүрөтчүлөр, музыканттар, окутуучулар, изилдөөчүлөр жана студенттер.
Иш-чаранын уюштуруучулары КР Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты, Каракол шаардык мэриясы, CACSARC-kg коомдук фонду. Колдоо көрсөткөндөр: Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, Европа Биримдиги менен биргелешип каржыланган ALIPH фонду жана Кыргыз Республикадагы ЮНЕСКО боюнча Улуттук комиссиясы.