КЫРГЫЗ ЖАШ КӨРҮҮЧҮЛӨР ТЕАТРЫ РОССИЯДАГЫ ЭЛ АРАЛЫК ФЕСТИВАЛГА КАТЫШАТ

Сентябрь 11, 2025 - 16:08
 5

Кыргыз мамлекеттик Бакен Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчүлөр театры 2025- жылдын 14-19- сентябрь күндөрү Россия федерациясынын Разянь жана Петрозаводск шаарында өтүүчү "Рязанские смотрины" аталыштагы ХХ Эл аралык театралдык эки чоң фестивалга КР эл жазуучусу драматург, К.Иманалиевдин "Үмүт" жана Э.Шмидтин "Письмо Самолётик" аттуу спектаклдери менен катышат.
Эл аралык театралдык фестивалга катышып жаткан "Үмүт" спектакли буга чейин Өзбекстан, Казакстан, мамлекеттеринде өткөрүлгөн Евразиялык l эл аралык театралдык фестивалдарга көп катышкан.
Ошондой эле, "Yмүт" спектакли 2025- жылы 27-мартта Москва шаарында өткөн "M.@rt.контакт" Vll эл аралык театралдык жаштар форумуна катышып, спектаклде башкы ролду ойногон КР эл артисти Н. Мамбетова Аялдын ролун эң мыкты аткаргандыгы үчүн, " Эң мыкты сценография" номинациясын алган.
Ал эми "Письмо Самолётик" спектакли 2021 - жылы Өзбекстанда өткөн фестивалга, 2023- жылы Москва шаарындагы Чехов атындагы V эл аралык театралдык фестивалына катышкан. Андан сырткары, 2025- жылы Екатеринбург ТЮЗ театрынын чоң залында коюлган.