Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин колдоосу менен Муса Жангазиев атындагы Кыргыз мамлекеттик куурчак театры 2025-жылдын сентябрь айында Казакстанда, Башкортостанда жана Россия Федерациясында өтө турган эл аралык фестивалдарга катышат.
Театр төмөнкү спектаклдерди алып чыгат:
• «Эр Төштүк» — «Nomad Puppet» TURKSOY фестивалы (Актау, Казакстан, 9–14-сентябрь)
• «Атадан калган туяк» — «Курчак фест» (Уфа, Башкортостан, 24–28-сентябрь)
• «Странник Кранц» — «Большой детский фестиваль» (Москва, 29-сентябрь – 4-октябрь)
Бул чыгармачылык сапар Кыргыз куурчак театрынын дүйнөлүк маданий мейкиндикте ордун бекемдөөгө жана улуттук сахналык искусствону эл аралык деңгээлде таанытууга чоң мүмкүнчүлүк түзөт.
Ал эми 4-октябрда театр көрүүчүлөрдү кубаныч менен тосуп, жаңы 87-сезонун ачат.