БИШКЕКТЕ III КЫРГЫЗСТАН -КАЗАКСТАН ЖАШТАР ФОРУМУ ӨТҮҮДӨ

Август 22, 2025 - 16:38
 4
БИШКЕКТЕ III КЫРГЫЗСТАН -КАЗАКСТАН ЖАШТАР ФОРУМУ ӨТҮҮДӨ
БИШКЕКТЕ III КЫРГЫЗСТАН -КАЗАКСТАН ЖАШТАР ФОРУМУ ӨТҮҮДӨ
БИШКЕКТЕ III КЫРГЫЗСТАН -КАЗАКСТАН ЖАШТАР ФОРУМУ ӨТҮҮДӨ
БИШКЕКТЕ III КЫРГЫЗСТАН -КАЗАКСТАН ЖАШТАР ФОРУМУ ӨТҮҮДӨ
БИШКЕКТЕ III КЫРГЫЗСТАН -КАЗАКСТАН ЖАШТАР ФОРУМУ ӨТҮҮДӨ
Бүгүн, 21-августта Бишкекте III Кыргызстан- Казакстан Жаштар форуму салтанаттуу ачылып, ал Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаевдин Кыргыз Республикасына болгон расмий сапарынын алкагында өттү.
Аталган иш-чарага Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев катышып, жаштар форум аркылуу өнөктөштүк жана достук мамилелерди бекемдеп, келечекте да биргелешип иш алып барууга шарт түзөрүнө ишеничин билдирди.
Министр быйылкы форумдун дагы бир маанилүү окуясы бул «Алтын көпүрө» долбоорунун алкагында эки канатташ элдин руханий символдору - Чынгыз Айтматов жана Мухтар Ауэзовго арналган эстеликтердин ачылышын белгилеп, «эки залкар жазуучу тек казак-кыргыз элинин гана эмес, жалпы түрк дүйнөсүнүн улуу сыймыгы. Алардын мурасы – биздин жалпы тарыхыбыздын, достугубуздун жана маданий биримдигибиздин алтын көпүрөсү»-деди.
Ошондой эле форумда Казакстан Республикасынын маданият жана маалымат министри Аида Балаева, Жогорку технологиялар парксынын директору Азиз Абакиров, IT Hub Технопарк башкаруучу директору Айдай Исмаилова сөз сүйлөштү.
Форум эки өлкөнүн IT-тармагынын лидерлеринин катышуусу менен «Жаңы муундагы AI-стартаптар: локалдуу идеядан глобалдык рынокко», жана билим берүүдөгү инновациялар боюнча «Ed-tech долбоорлору: жаңы чакырыктар» аттуу актуалдуу темалар боюнча панельдик сессиялар менен уланды.
Айрыкча «AI NEXT» стартап-питчинг сессиясы катышуучулардын көңүлүн бурду, анда жаш ишкерлер жасалма интеллект, санариптик технологиялар, киберкоопсуздук жана билим берүү платформалары боюнча ондогон инновациялык долбоорлорду сунушташты. Алардын арасында кыргыз тилинде биринчи AI-ассистент AkylAI, энелер үчүн колдонмо Mama Space, ошондой эле Loadex AI B2B SaaS тиркемеси бар.
Аталган форум Кыргызстан менен Казакстандын 300дөн ашык жаш IT-ишкерлерин, программисттерин, стартаптардын өнүмчүлөрүн, санариптик сүрөтчүлөрдү, блогерлерди, акындарды жана медиатворчуларды бириктирген уникалдуу аянтча болуп саналат.
Форумдун максаты — жаштардын санариптик потенциалын өнүктүрүү, кыргыз -казак кызматташтыгын чыңдоо жана эки өлкөнүн жалпы маданий жана руханий мурасын эске алуу менен IT жана чыгармачыл индустриялар тармагында туруктуу кызматташтык форматтарын түзүү.