Бүгүн, 21-августунда, Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаевдин Кыргызстанга мамлекеттик сапарынын алкагында өтүп жаткан “Кыргыз-казак” жаштар форумунун жүрүшүндө, улуу ойчул жана агартуучу Чокон Валихановго арналган “Чокон Валиханов: Тарыхтын жарык жылдызы” аттуу даректүү тасманын бет ачары болду.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын мамлекеттик катчы Марат Иманкулов, Казакстан Республикасынын маданият, маалымат министри Аида Балаева, Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев, ошондой эле маданият тармагынын өкүлдөрү жана жаштар катышты.
Бет ачар аземде Мамлекеттик катчы Марат Иманкулов тарыхта сакталып калган баалуулукту таануу жана даңазалоо боюнча чет элдик окумуштуулардын, илимий чөйрөнүн кошкон салымы, тарыхта өзгөчө орду бар экенин, анын ичинен Чокон Валиханов “Манас” эпосунун универсалдуу табиятын ачууда баа жеткис салым кошконун белгиледи.
Казакстан Республикасынын Маданият жана маалымат министри Аида Балаева Муктар менен Чыңгыз, Кенен менен Осмонкул, Жамбыл менен Токтогул, Чокан менен Боронбайдай залкардардын боордоштугу - биздин калктар арасында үзүлбөс достугубуздун анык белгиси экендигин белгилеп, “бүгүнкү тасманын көрсөтүлүшү - бул маданий үндөштүктүн дагы бир уланышы. Анткени, бизди орток залкарларыбыз, орток тарых менен орток тагдырыбыз байланыштырып турат. Дарыясы менен өзөңү, тарыхы менен тамыры бир болгон боордош элибиздин биримдиги, ынтымагы бекем болсун”-деди.
Ал эми маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев “Манас” улуттук академиясынын бул багыттагы демилгеси — эпосту дүйнөлүк илим менен байланышкан абалда кайра алып чыгуу аракетинин бир формасы катары баалап, чет элдик Манас таануучулардын илимий мурастарын жыйнак кылып басып чыгаруу, ошондой эле алар тууралуу документалдуу тасмаларды жаратуу — келечек муунга таалим берүүчү зор иш экендигин тариздеди.
Белгилесек, Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаевдин Кыргыз Республикасына жасаган расмий сапарынын алкагында боордош өлкөлөрдүн маданий-гуманитардык кызматташтыгын жаңы деңгээлге көтөрө турган бир катар маанилүү иш-чаралар уюштурулуп жатат.
Анын ичинде Бишкектеги Казакстан кино күндөрү, эки өлкөнүн жаш муундарын бириктире турган Казак-Кыргыз жаштар форуму, ошондой эле белгилүү композитор Нургиса Тлендиевдин 100 жылдыгына арналган майрамдык концерт өтөт.