Бүгүн, 20-августта Токтогул Сатылганов атындагы Кыргызулуттук филармониясында «Zakovat Asian Cup II» эл аралык интеллектуалдык оюну өттү.
Иш-чарага МинКаб Төрагасы-Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев, Өзбекстан Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Саида Мирзиёева, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Марат Иманкулов, Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев, ошондой эле 700дөн ашык активдүү жаштар катышты.
Кече Кыргызстан менен Өзбекстан өлкөсүнүн кызматташтыгы тууралуу видеоролик менен башталды.
Андан соң МинКаб Төрагасы-Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев, Өзбекстан Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Саида Мирзиёева куттук сөз сүйлөштү.
Иш-чарада «Zakovat Asian Cup II» кубогу үчүн Өзбекстан менен Кыргызстандын мыкты билермандарынан түзүлгөн курама командалар «брейн-ринг» интеллектуалдык оюнунда өз күчтөрүн сынашты.
Жыйынтыгында Өзбекстандын курама командасы жеңишке жетишип, «Zakovat Asian Cup II» кубогунун ээси болду.
Өзбекстан Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Саида Мирзиёева тарабынан женүүчүлөргө салтанаттуу сыйлык тапшырды.
Кече Кыргызстан менен Өзбекстандын белгилүү өнөр инсандарынын концерттик номерлери менен коштолду.
Анда кыргыз өнөрпоздору өзбек тилинде, өзбек өнөрпоздору кыргыз тилинде ыр маанай тартуулашты.
Белгилей кетсек, «Zakovat» турнири буга чейин АКШ, Улуу Британия, Германия, Малайзия, Казакстан, Тажикстан жана башка өлкөлөрдө өткөрүлгөн.
Быйыл ал Кыргызстанда болуп, интеллектуалдык мелдештин жана маданий баарлашуунун аянтчасына айланды.