“КЕМЕНГЕР” ЭЛДИК КОЛ ӨНӨРЧҮЛҮК КАРОО-СЫНАГЫ ӨТТҮ

Июль 11, 2025 - 17:33
 11
“КЕМЕНГЕР” ЭЛДИК КОЛ ӨНӨРЧҮЛҮК КАРОО-СЫНАГЫ  ӨТТҮ
“КЕМЕНГЕР” ЭЛДИК КОЛ ӨНӨРЧҮЛҮК КАРОО-СЫНАГЫ  ӨТТҮ
“КЕМЕНГЕР” ЭЛДИК КОЛ ӨНӨРЧҮЛҮК КАРОО-СЫНАГЫ  ӨТТҮ
“КЕМЕНГЕР” ЭЛДИК КОЛ ӨНӨРЧҮЛҮК КАРОО-СЫНАГЫ  ӨТТҮ
“КЕМЕНГЕР” ЭЛДИК КОЛ ӨНӨРЧҮЛҮК КАРОО-СЫНАГЫ  ӨТТҮ

Улуттук баалуулуктарды даңазалаган жана байыркы өнөрлөрдү жаш муунга жеткирүүнү көздөгөн кол өнөрчүлөрдүн “Кеменгер” элдик кол өнөрчүлүк кароо-сынагы  Бишкек шаарынын Курманжан Датка эстелигинин алдында 8-9-июль күндөрү өттү.

Максаты - тери буюмдарын жасоо, зергерчилик жан жыгаччылык өнөрлөрүн даңазалоо жана кыргыз элинин жана республиканын аймагында жашаган элдердин салттуу кол өнөрчүлүк өнөрлөрүн жайылтуу жана өнүктүрүү, ошондой эле байыркы кол өнөрчүлүк салтты сактап келе жаткан чеберлерди колдоо. Иш-чара улуттук мурастарды муундан муунга өткөрүү аркылуу кыргыз элинин салттуу маданиятын жана өлкөнүн аймактарында жашаган элдердин кол өнөрчүлүгүн өнүктүрүүгө багытталган.

Сынакка  республика боюнча салттуу билимди алып жүрүүчүлөр катышты.

Бул иш-чара ар кыл чеберлердин колунан жаралган өзгөчө эмгектерин көрүүгө мүмкүнчүлүк берди. Жыгаччылык, булгаары, зергерчилик сыяктуу байыркы кесиптер ар бир кыргыздын жүрөгүндө ыйык орунга ээ. Бул өнөр – тарыхты, улуттук өзгөчөлүктү, жашоо образын өзүнө камтыган бай мурас.

Ошондой эле, Чуй облусунун Аламүдүн районунун Кара-Жыгач айыл аймагынын Кара-Жыгач айылында жайгашкан “Кленовый лист” гольф-клубунда 10-июлда “Кымыз фестивалы” өттү.

Иш-чаранын максаты - кыргыз элинин байыртан келе жаткан улуттук суусундугун жайылтуу жана даңазалоо.

Фестивалга  республика боюнча кымыз өндүрүүчүлөр жана кымыз чыгарган жеке ишкерлер катышты. Анда жети дубандан келген кымыздын түрлөрү жана кыргыз элинин ашканасы менен таанышууга мүмкүнчүлүк болду. Мындан тышкары, боз үйлөр тигилип, кол өнөрчүлөрдүн буюмдарынын көргөзмөсү уюштурулду.

Аталган иш-чаралар Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин колдоосу менен Кыргыз Республикасынын Президентинин Чүй облусундагы өкүлчүлүгү тарабынан уюштурулду. Кароо-сынактын жеңүүчүлөрү Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты минитсрлиги тарабынан акчалай сыйлыгы жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Чүй облусундагы өкүлчүлүгүнүн ыраазычылык каттары менен сыйланды.