ПРЕЗИДЕНТ САДЫР ЖАПАРОВ МЕНЕН ПРЕЗИДЕНТ ЭМОМАЛИ РАХМОН ДУШАНБЕДЕ ИСКУССТВО ЧЕБЕРЛЕРИНИН "ТҮБӨЛҮК ДОСТУК” КОНЦЕРТИН КӨРҮШТҮ

Июль 9, 2025 - 11:28
Июль 9, 2025 - 12:22
 6

 Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров менен Тажикстан Республикасынын президенти Эмомали Рахмон 8-июль күнү Душанбе шаарындагы "Кохи Борбад" мамлекеттик комплексинде өткөн искусство чеберлеринин "Түбөлүк достук"  концертин көрдү.

 Көрүүчүлөргө Кыргызстан менен Тажикстандын аткаруучуларынын катышуусундагы концерттик программа тартууланды.

 Иш-чарада эки өлкөнүн маданий өзгөчөлүктөрүн чагылдырган салттуу жана заманбап музыкалык жана бий өнөрлөрү көрсөтүлдү.

 Кыргызстандын атынан иш-чарада Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын, Нурдин Тугелов атындагы "Ак-Марал" мамлекеттик бий ансамблинин солисттери, Чалагыз Исабаев атындагы "Камбаркан" фольклордук-этнографиялык ансамбли, ошондой эле Чоро Кожомжаров атындагы эстрадалык-симфониялык оркестри чыгышты.

Иш-чара Президент Садыр Жапаровдун Тажикстанга болгон мамлекеттик сапарынын жана Кыргыз Республикасынын Тажикстан Республикасындагы Маданият күндөрүнүн алкагында өттү.