“МАДАНИЙ ДИПЛОМАТИЯ – БООРДОШТУКТУ БЕКЕМДӨӨ ЖОЛУНДА” АТТУУ ИЛИМИЙ-ЧЫГАРМАЧЫЛ ИНТЕЛЛИГЕНЦИЯСЫНЫН IX ФОРУМУ БОЛУП ӨТТҮ

Сентябрь 25, 2025 - 17:32
 8

23-сентябрь Улуттук тарых музейинде “Маданий дипломатия – боордоштукту бекемдөө жолунда” аттуу кыргыз-казак илимий-чыгармачыл интеллигенциясынын IX форуму болуп өттү. Форум эки элдин ортосундагы тарыхый жана маданий байланыштарды чыңдоого, маданий дипломатия аркылуу боордоштук мамилелерди тереңдетүүгө арналды. Иш-чарага Жогорку Кеңешинин Төрагасы Тургунбек уулу Нурланбек, Казакстан Республикасынын Парламентинин Төрагасы Маулен Ашымбаев, Министрлер Кабинетинин биринчи орун басары Данияр Амангелдиев, Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев, ошондой эле эки өлкөнүн мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү, белгилүү илимпоздор, жазуучулар, акындар, маданият жана искусство ишмерлери катышты. Форумда орток тарых, чыгармачылык кызматташтык жана жаңы чакырыктарга жооп берген биргелешкен маданий-илимий долбоорлор талкууланды. Ошондой эле, маданий дипломатиянын жаш муунду тарбиялоодогу жана региондук ынтымакты бекемдөөдөгү ролу баса белгиленди. Форум жыйынтыгында кыргыз-казак достугун өнүктүрүүгө багытталган конкреттүү сунуштар жана макулдашуулар кабыл алынды.