17-сентябрда А. Осмонов атындагы Улуттук китепканада, «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» концепциясынын алкагында II Эл аралык руханий форум өттү.
Форумдун негизги максаты — илим, билим жана руханий баалуулуктарга негизделген улуттук салттарды жалпы адамзаттык мурастар менен айкалыштыруу аркылуу туруктуу өнүгүүгө, элдер менен тынчтыкта жана бакубат жашоого салым кошуу.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат адамдары, коомдук жана маданий уюмдардын өкүлдөрү, илим жана билим чөйрөсүнүн адистери катышты.
КР Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Аскаралы Мадеминов, КР Президентинин Администрациясынын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын начальнигинин орун басары Октябрь Капалбаев, КР Улуттук илимдер академиясынын вице-президенти Чолпонкул Арабаев ж.б. куттук сөздөрү менен чыгышты.
Форумдун программасы 13 мазмундуу баяндаманы камтыды:
• илим, билим жана маданияттын туруктуу өнүгүүгө кошкон салымы;
• жогорку билим системасында академиялык чынчылдык;
• улуттук баалуулуктар жана салттык тарбия;
• «Манас» эпосунун руханий мааниси;
• маданияттын экономикалык өнүгүүгө таасири;
• билим берүү жана тарбиялоо аркылуу адамдын аң-сезимин трансформациялоо;
• элдик дипломатия жана эл аралык кызматташтык.
Баяндамачы катары белгилүү окумуштуулар, мамлекеттик жана эл аралык эксперттер, коомдук уюмдардын өкүлдөрү сөз сүйлөдү. Алар: тарых илимдеринин доктору Сулайман Кайыпов, КРнын Эмгек сиңирген мугалими Гапыр Мадаминов, философия илимдеринин доктору Жылдыз Урманбетова, эл аралык эксперт Данияр Сыдыков ж.б.
Форум учурунда чет өлкөлөрдөн келген катышуучулардын видеокайрылуулары көрсөтүлүп, талкуулар өткөрүлдү. Иш-чара эки секцияда уланды: биринчиси — улуттук маселелер, илим-билим тармагы, экинчиси — руханият, маданий баалуулуктар жана эл аралык маселелер.
Жыйынтыгында Форумдун Резолюциясы кабыл алынып, ишмердүүлүк Платформасы бекитилди.
Иш-чаранын соңунда катышуучулар илимпоздордун, мамлекеттик органдардын жана коомчулуктун биргелешкен аракеттери аркылуу руханий баалуулуктарды бекемдөө, туруктуу өнүгүүгө салым кошуу жана Кыргызстанды эл аралык маданий диалогдун активдүү катышуучусу катары көрсөтүү маанилүү экенин баса белгилешти.