«ЖАРКЫРАГАН ТОО» – БАЛДАР ҮЧҮН ЭКОЛОЯГИЯЛЫК СПЕКТАКЛЬ ОШТО САХНАЛАШТЫРЫЛДЫ

Октябрь 1, 2025 - 17:06
 10
«ЖАРКЫРАГАН ТОО» – БАЛДАР ҮЧҮН ЭКОЛОЯГИЯЛЫК СПЕКТАКЛЬ ОШТО САХНАЛАШТЫРЫЛДЫ
«ЖАРКЫРАГАН ТОО» – БАЛДАР ҮЧҮН ЭКОЛОЯГИЯЛЫК СПЕКТАКЛЬ ОШТО САХНАЛАШТЫРЫЛДЫ
«ЖАРКЫРАГАН ТОО» – БАЛДАР ҮЧҮН ЭКОЛОЯГИЯЛЫК СПЕКТАКЛЬ ОШТО САХНАЛАШТЫРЫЛДЫ
30-сентябрь С. Ибраимов атындагы Ош Улуттук драма театрында ТРЭШ-фесттин алкагында «Жаркыраган тоо» аттуу экологиялык жомоктун негизиндеги спектаклдин премьерасы өттү.
Иш-чара Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан уюштурулду.
Спектакль Н. Шамурзаев атындагы Ош облустук куурчак театры тарабынан белгилүү коомдук ишмер жана жазуучу Алтын Капалованын жомогу боюнча сахналаштырылган.
Коомчулукта таштанды маселеси күч алып турган учурда бул чыгарма жаратылышты коргоого, калдыктарды туура сорттоого жана кайра иштетүүгө чакырык таштайт.
Спектакль башталаар алдында каалоочулар үчүн атайын экологиялык акция уюштурулду: 15 даанадан кем эмес пластик бөтөлкө алып келгендерге белекке китеп берилди.
Топтолгон бөтөлкөлөр «ЭкоПазл» экологиялык уюму аркылуу кайра иштетүүгө жөнөтүлдү.