“КЫРГЫЗ-ЖАПОН КАЙРЫКТАРЫ” ДОЛБООРУНУН КАТЫШУУЧУЛАРЫНА МИНИСТРЛИКТИН АТЫНАН РААЗЫЧЫЛЫК КАТТАР ТАПШЫРЫЛДЫ

Октябрь 2, 2025 - 14:13
 6

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан 26-30-октябрында өткөрүлгөн “Кыргыз-Жапон кайрыктары” аттуу чыгармачылык концерттик долбоордун жыйынтыгы менен иш-чарага өзгөчө салым кошкон чыгармачыл инсандарга ыраазычылык каттары тапшырылды.
“Азиздер жана дүлөйлөр” коомунун мүчөсү, ырчы Гүлүм Касымбаева жана жапониялык белгилүү композитор жана ырчы Асано Уюкинин биргелешкен концерти 26-октябрда Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өткөрүлүп, андан соң 28-октябрында Ош шаарында жана 30-октябрында Ысык-Көл облусунун Тоң районунда улантылган. Бул чыгармачылык кызматташуу маданияттар аралык байланыштын жана достуктун бекемдөөсүнө чоң салым кошту.
Министрликтин ыраазычылык каттары төмөнкү инсандарга тапшырылды:
Жапониядан келген коноктор: Асано Уюки, Матсуда Шинжи, Обучи Томонори, Мисузу Огата;
Кыргызстандын чыгармачыл инсандары: Г.К. Касымбаева, Э.А. Тезекбаева, Н.Б. Баймырзаева.
Сыйлоо аземи Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинде 2025-жылдын 1-октябрында болуп өттү.
Бул иш-чара Кыргызстан менен Жапониянын маданий кызматташтыгынын жаңы барагын ачып, чыгармачыл байланыштардын кеңейишине өбөлгө болду.