“Жаңы ысымдар” театр фестивалынын жеңүүчүлөрүнө сыйлыктар тапшырылды

“Жаңы ысымдар” театр фестивалынын жеңүүчүлөрүнө сыйлыктар тапшырылды

Декабрь 26, 2023 - 02:08
 0  119
“Жаңы ысымдар” театр фестивалынын жеңүүчүлөрүнө сыйлыктар тапшырылды
“Жаңы ысымдар” театр фестивалынын жеңүүчүлөрүнө сыйлыктар тапшырылды
“Жаңы ысымдар” театр фестивалынын жеңүүчүлөрүнө сыйлыктар тапшырылды
“Жаңы ысымдар” театр фестивалынын жеңүүчүлөрүнө сыйлыктар тапшырылды
Калыстар тобунун чечими менен "Жаңы ысымдар" театр фестивалына катышкан чыгармачыл жаштар төмөнкүдөй орундага ээ болушту.
Баш байге:
Кыргыз улуттук академиялык Т. Абдумомунов атындагы драма театрынын алдындагы театр окуу жайынын 3-курсунун студенттери “ҮН” спектакли.
Биринчи орун:
Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын алдындагы театралдык окуу жайдын 3-курсунун студенттери “Эрте келген турналар” спектакли.
Экинчи орун:
Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Көркөм өнөр факультетинин Театр искусствосу бөлүмүнүн 4-курсунун студенттери “Эң жөнөкөй окуя” спектакли.
Үчүнчү орун:
Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин «Театр» факультетинин 4-курсунун студенттери “Айымдар кийимин тигүүчү” спектакли.
Өзбек мамлекеттик искусство жана маданият институтунун 4-курсунун “Ханзаада жана кедей” спектакли.
Аял затынын ролун эң мыкты аткаргандыгы үчүн:
Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Көркөм өнөр факультетинин Театр искусствосу бөлүмүнүн 4-курсунун студенти Төлөгөнова Кализага “Эң жөнөкөй окуя” спектаклинде образды мыкты аткаргандыгы үчүн.
Эркектин ролун мыкты аткаргандыгы үчүн:
Кыргыз улуттук академиялык Т. Абдумомунов атындагы драма театрынын алдындагы театр окуу жайынын 3-курсунун студенти Мүдүнөв Умарга “Эрте келген турналар” спектаклинде СУЛТАНМУРАТТЫН образы үчүн.
Экинчи пландагы аял затынын ролун мыкты аткаргандыгы үчүн:
Азербайджан мамлекеттик маданият жана искусство университетинин студенти Ляман Селимовага “Көчкү” спектаклинде ЖАШ АЯЛДЫН
образы үчүн.
Экинчи пландагы эркектин ролун мыкты аткаргандыгы үчүн:
Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин «Театр» факультетинин 4-курсунун студенти Көчөров Эрденге “Айымдар кийимин тигүүчү” спектаклинде БЕССИНЕНИН образы үчүн.
Чыгармачыл жаштардын устаты:
Кыргыз улуттук академиялык Т. Абдумомунов атындагы драма театрынын алдындагы театр окуу жайынын мугалими Өмүрбек Израилов сыйланды.
Эң мыкты театр сыны, 1-орун.
Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Көркөм өнөр факультетинин Театр искусствосу бөлүмүнүн 3-курсунун студенти Жаңылай Эгембердиевага студенттик фестивалдын спектаклдерине жазган рецензиялары үчүн.
Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Көркөм өнөр факультетинин Театр искусствосу бөлүмүнүн 2-курсунун студенти Сезим Жумашовага студенттик фестивалдын спектаклдерине жазган рецензиялары үчүн.
Эң мыкты театр сыны, 2- орун:
- Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Көркөм өнөр факультетинин Театр искусствосу бөлүмүнүн 3-курсунун студенти Сыймык Жолдубаев студенттик фестивалдын спектаклдерине жазган рецензиялары үчүн.
Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Көркөм өнөр факультетинин Театр искусствосу бөлүмүнүн 2-курсунун студенти Жылдыз Осмононалиевага студенттик фестивалдын спектаклдерине жазган рецензиялары үчүн.
Эң мыкты драматургия, 1- орун:
Кыргыз мамлекеттик Б. Бейшеналиева атындагы маданият жана искусство университетинин 4-курсунун студенти Масылбекова Таалайкүлгө “Чырак” драмасын ийгиликтүү жазгандыгы үчүн:
Эң мыкты драматургия, 2- орун:
Кыргыз мамлекеттик Б. Бейшеналиева атындагы маданият жана искусство университетинин 4-курсунун студенти Айчолпон Курманбековага “Түнөргөн асман. Түгөнбөс үмүт” драмасын ийгиликтүү жазгандыгы үчүн.