Алтынбек Максутов өзбек кино индустриясында болуп жаткан иштер менен таанышты

Декабрь 26, 2023 - 02:11
 0  111

Бүгүн, 21- декабрда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов Өзбекстанга болгон иш сапарынын алкагында Өзбекстандын кинематография агенттигинде, «Ренессанс» кино үйүндө, Өзбекфильм киностудиясында жана М. Герасимов атындагы Россия Мамлекеттик кинематография институтунун Ташкенттеги филиалында болду.
Өзбек кино өндүрүшү, жаралуу тарыхы жана учурдагы жасалып жаткан долборлор менен Маданият министринин орун басары Авазхон Таджиканов жана Кинематография агенттигинин директору Фирдавс Абдухаликов тааныштырды.
Жолугушууда заманбап кино өндүрүшү, ко-продукция иштери, жаңы салынган кино павильондун артыкчылыктары, кино тармагында билим берүү системасы жана артыкчылыктуу багыттар, чет элдик кино режиссерлор менен иштөөдөгү заманбап платформалар, ошондой эле эки тараптуу кызматташуу тууралуу сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө кинематография жаатында эки тараптуу кызматташуу бүгүнкү күндө жолго коюлганы белгиленип, алдыда биргеликте жасала турган иштер тууралуу баарлашты.