Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги маалымдайт

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги маалымдайт: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 23-июнундагы №312 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын баштапкы жана орто кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдарынын жетекчилерин кызмат ордуна дайындоо, кызмат ордунан бошотуу жана аттестациялоо тартиби жөнүндө жобого ылайык, Ч.Базарбаев атындагы Бишкек хореографиялык окуу жайынын директорунун бош кызмат ордуна жарыяланган конкурс жыйынтыкталды.
Конкурска үч талапкер катышып, аңгемелешүүнүн жыйынтыгы боюнча төмөндөгүдөй көрсөткүчтөргө ээ болду:
— Борбушова Дилбара Мокушовна — 47,3 балл;
— Турушева Айнур Мудиновна — 37,8 балл;
— Токтогазиев Адилет Барадинович — 58,17 балл.
Аңгемелешүүдө эң көп балл алган талапкер комиссия тарабынан ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисине кызмат ордуна дайындоо үчүн сунушталат.