ТАШ-РАБАТКА 45 ЖЫЛДАН КИЙИН КАЙРАДАН РЕСТАВРАЦИЯ ЖҮРГҮЗҮЛӨТ

Сентябрь 11, 2025 - 15:25
 4

"Көөнө тарых сырлары" мамлекеттик программаны ишке ашыруу алкагында Ат-Башы районунда жайгашкан орто кылымдарга таандык Таш-Рабат кербен сарайын оңдоо, реставрациялоо жумуштары башталды.
Бүгүнкү күндө табигый, атмосфералык, механикалык жана антропогендик таасирлерден улам бузулуу коркунучунда турган кербен сарайды сактап калуу максатында Министрликке караштуу “Кыргызреставрация” илимий-изилдөө долборлоо институту тарабынан тендер жарыяланып, комплекстүү илимий изилдөө жана реставрация жумуштары аткарылууда.
Белгилей кетсек, республикалык маанидеги тарыхый жана маданий эстеликтеринин мамлекеттик тизмесинде турган Таш-Рабат кербен сарайында XX кылымдын 70-80 - жылдарында акыркы реставрациялоо иштери жүргүзүлгөн.
Аталган тарыхый-маданий мурас объектиси 2024-жылдан тартып Министрликтин карамагында турат. Буга чейин ал жергиликтүү өз алдынча башкаруу органын карамагында болгон.