Т.Океев атындагы “Кыргызфильм” улуттук киностудиясы 2026-жылга карата тематикалык планын түзүү максатында кыска жана толук метраждуу ойномо тасмалар үчүн сценарийлердин сынагын жарыялайт.
Сценарийлердин сынагы: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 18-декабрындагы №369-жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгужолу жана “2022-2027-жылдарга улуттук наркты сактоо жана өнүктүрүү жөнүндө” улуттук программасынын (2022-жылдын 30-августу ПЖ№303) алкагында улуттук идеяны бекемдөө жана Кыргызстанды дүйнөлүк аренада таанытуу максатында сценарийлердин сынагы өткөрүлөт.
Сынактын жүрүшү жана талаптары
• Сынакка квалификациялык талаптарына жооп берген киносценаристтер, драматургдар катыша алат;
• Бир автордун калемине таандык (оригиналдуу) же башка бир чыгарманын негизинде жазылып, ошондой эле экинчи авторлор менен биргелешип иштелген, түп нускада авторлордун колу коюлуп, темасы жана форматы талаптарга дал келген чыгармалар кабыл алынат;
• Сценарийлер редакциянын расмий каттоосунан (кабыл алуу жобосуна кол коюу) өткөндөн кийин гана көркөм кеңешке сунушталат;
• Кабыл алынган сценарийлер киностудиянын көркөм кеңешинин кароосунда каралып, тандалат;
• Көркөм кеңеш сценарийлердин авторлору менен кат алышпайт жана сүйлөшүүлөрдү жүргүзбөйт;
• Конституцияга карама-каршы көз караштар, мамлекеттин бүтүндүгүн бузуу, коопсуздугуна шек келтирүү, социалдык, расалык, улуттук, диний, уруучулук темаларында каршылыкты жана зордук-зомбулукту жактоо, үгүттөө сыяктуу көрүнүштөргө ээ чыгармалар автоматтык түрдө сынактан четтетилет;
• Сценардык талаптарга ылайык жазылган сценарийлерди кароодо анын көркөмдүүлүгүнө жана козгогон темасынын актуалдуулугуна көңүл бурулат;
• Киностудия сынакка сунушталган ар бир сценарийдин өндүрүшкө киришине кепилдик бербейт;
• Сынакка катышкан бардык чыгармалар автордук укук тууралуу мыйзамдарга ылайык корголот;
• Авторлор өз чыгармаларын сынакка тапшырган учурда жобонун талаптары менен таанышып, аларга макул экенин ырасташат.
Талап кылынган документтердин тизмеси
Кароого кыргыз тилинде жазылган сценарийлер гана кабыл алынат.
1. Автордун сунуштама каты.
2. Логлайн – тасманын негизги идеясын камтыган кыскача мазмун .
3. Синопсис – тасманын сюжетин кененирээк ачып көрсөткөн кыскача баяндама (1–2 барак).
4. Сценарийдин түп нускасы – “американка” форматында, шрифт Courier New, өлчөмү 12 pt.
5. Сценарийдин мукабасында (титулдук бетте) автордун/авторлоштун аты-жөнү, байланыш маалыматтары көрсөтүлүп, кол коюлушу зарыл.
6. Сценаристтин фильмографиясы/резюмеси.
7. Авторлоштукка уруксат каты – сценарий бир нече автор тарабынан жазылган учурда же башка адабий чыгарманын негизинде жаралган болсо, бардык авторлордун макулдугун ырастаган кат.
Сынактын мөөнөтү: 2025-жылдын 10-сентябрында башталып, 2025-жылдын 10-октябрында саат 17:00дө токтотулат.
Документтерди тапшыруунун формасы
Сценарийлер жана талап кылынган коштоочу документтер 2 нускада кагазга басылган түрүндө (печатный вариант) жана электрондук форматта тапшырылышы керек.
Бардык материалдар Киностудиянын редакциясы тарабынан гана кабыл алынат жана каттоодон өткөрүлөт.
Долбоорлор төмөндөгү даректер аркылуу кабыл алынат
Бишкек шаары, Д.Асанова көчөсү 1,
Т.Океев атындагы “Кыргызфильм” улуттук киностудиясы,
(2-кабат, редакция).
Электрондук дарек: kyrgyzfilmredakcia@gmail.com
WhatsApp: (0312) 34-46-31
Эскертүү: Көрсөтүлгөн талаптарга ылайык келбеген чыгармалар кабыл алынбайт.