XIII РЕСПУБЛИКАЛЫК ТЕАТР ФЕСТИВАЛЫНА 14 СПЕКТАКЛЬ КАТЫШАТ

Сентябрь 11, 2025 - 15:10
 5
XIII РЕСПУБЛИКАЛЫК ТЕАТР ФЕСТИВАЛЫНА 14 СПЕКТАКЛЬ КАТЫШАТ
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги 2025-жылдын 15-20-сентябрь күндөрү Улуу Жеңиштин 80 жылдыгы жана Кыргыз ССРнин эл артисти С. Андабековдун 100 жылдыгына карата Ош шаарында XIII Республикалык театр фестивалын өткөрөт.
Фестивалга республиканын 14 театры бирден спектакль менен катышат.
Максаты: Улуу жеңишти даңазалоо, С. Андабековду эскерүү, кыргыз театр өнөрүн өнүктүрүү жана эл аралык деңгээлге чыгаруу, театрлар ортосунда тажрыйба алмашуу, жаш актёрлорду жана жаңы чыгармачылык күчтөрдү колдоо.
Фестивалдын ачылыш аземи 16-сентябрь саат 11.00дө, ал эми жабылыш аземи 20-сентябрь 18.00дө С. Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында өткөрүлөт.
Спектаклдерге кирүү акысыз!
ФЕСТИВАЛДЫН ПРОГРАММАСЫ
15-СЕНТЯБРЬ
15:00 – С. Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театры – Ч. Айтматовдун “Кыямат” спектакли
(С. Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында)
19:00 – Бабур атындагы Ош мамлекеттик өзбек академиялык музыкалык-драма театры – Н. Рыскул кызынын “Жусуп” спектакли
(Бабур атындагы Ош мамлекеттик өзбек академиялык музыкалык-драма театрында)
16-СЕНТЯБРЬ
11:00 – Фестивалдын ачылыш аземи
(С. Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрынын алдындагы аянт)
12:00 – К. Медетбеков атындагы Талас облустук музыкалык-драма театры – А. Усонбаев, М. Байжиев, К. Сыдыковдордун “Каргыш” спектакли
(С. Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында)
18:30 – Чүй облустук Ш. Термечиков атындагы драма жана сатира театры – С. Раевдин “Илегилек” спектакли
(Бабур атындагы Ош мамлекеттик өзбек академиялык музыкалык-драма театрында)
17-СЕНТЯБРЬ
11:00 – Т. Ажибаев атындагы Алай музыкалык драма театры – М. Байжиевдин “Он экинчи күн” спектакли
(С. Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында)
15:00 – Ч. Айтматов атындагы мамлекеттик улуттук орус драма театры – Ч. Айтматовдун “Свидание с сыном” спектакли
(Бабур атындагы Ош мамлекеттик өзбек академиялык музыкалык-драма театрында)
19:00 – Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театры – Ф. Зеллер, М. Байжиев, К. Акматовдордун “Эне” спектакли
(С. Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында)
18-СЕНТЯБРЬ
11:00 – А. Жайнаков атындагы Баткен облустук музыкалык-драма театры – С. Раевдин “Барсбек” спектакли
(Бабур атындагы Ош мамлекеттик өзбек академиялык музыкалык-драма театрында)
15:00 – К. Жантошев атындагы Ысык-Көл облустук музыкалык-драма театры – С. Каралаевдин “Эр Төштүк” спектакли
(С. Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында)
19:00 – К. Акиев атындагы Жумгал музыкалык-драма театры – Н. Рыскул кызынын “Жаша, Мыскал” спектакли
(Бабур атындагы Ош мамлекеттик өзбек академиялык музыкалык-драма театрында)
19-СЕНТЯБРЬ
11:00 – Кочкор райондук музыкалык-драма театры – Ч. Айтматовдун “Бетме бет” спектакли
(С. Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында)
15:00 – Мамлекеттик “Учур” жаштар театры – В. Гуркиндин “Чиркин өмүр” спектакли
(Бабур атындагы Ош мамлекеттик өзбек академиялык музыкалык-драма театрында)
19:00 – М. Рыскулов атындагы Нарын облустук академиялык музыкалык-драма театры – Ч. Айтматовдун “Биринчи мугалим” спектакли
(С. Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында)
20-СЕНТЯБРЬ
11:00 – Жалал-Абад облустук Барпы атындагы кыргыз драма театры – А. Теленбаевдин “Нурамандын ак чатыры” спектакли
(Бабур атындагы Ош мамлекеттик өзбек академиялык музыкалык-драма театрында)
18:00 – Жабылыш аземи
(С. Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында)