Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги
Кыргыз-Казак жаштар форумуна чакырат. Форум Кыргызстандын жана Казакстандын жаштарынын ортосундагы маалыматтык технологиялардын өнүгүүсүнө жана санариптик өз ара аракеттенишүүсүнө арналат.
Форумдун максаты – Кыргызстан менен Казакстандын жаштарынын ортосундагы достукту жана кызматташтыкты бекемдөө, IT, стартаптар, санариптик ишкердик жана инновациялар тармагында тажрыйба алмашуу.
Форумдун программасында:
-IT индустриясынын жана EdTech долбоорлорунун лидерлери менен панелдик сессиялар --Инновациялык AI-стартаптардын питчинги;
-Инвесторлор, эксперттер жана болочок өнөктөштөр менен баарлашуу;
- Технопарктагы IT-Hub заманбап мейкиндикте кофе-брейк жана нетворкинг;
Форумдун темалары:
-Жаңы муундагы AI-стартаптар: идеядан глобалдык рынокко чейин
-EdTech-долбоорлору жана билим берүүдөгү жаңы чакырыктар
-Кыргызстан менен Казакстандын мыкты командалары катышкан «AI NEXT» стартаптардын питчинги
Бул форум өнөктөштөрдү, инвесторлорду жана идеялаштарды табууга, ошондой эле ийгилик тарыхтарынан шыктанууга мыкты мүмкүнчүлүк болот.
Күнү: 21-август. Орду: Технопарк. Башталышы: 13:00.