IX эл аралык театр фестивалынын жеңүүчүлөрү болуп “Күн кармаган бала” жана ““Баян сұлу – Қозы Көрпеш” спектаклдери табылды

Сентябрь 30, 2023 - 22:59
 0  84

СССРдин эл артисти, көрүнүктүү театр жана кино актрисасы Бакен Кыдыкееванын 100 жылдык мааракесине арналган “ART-ORDO –2023” IX эл аралык театр фестивалы 2023-жылдын 24-сентябрынан 29-сентябрына Бишкек шаарында чейин өттү.
Эл аралык фестивалда көрсөтүлгөн спектаклдер арасында калыстар тобунун чечими менен номинациялар боюнча сыйлыктардын ээси болуп төмөндөгүлөр табылды:
ФЕСТИВАЛДЫН УЮШТУРУУЧУЛАРЫНЫН СЫЙЛЫГЫ
– “Лиличка” спектакли үчүн Могилев областтык драма театры
– “Илегилек” спектакли үчүн Бабур атындагы Ош мамлекеттик академиялык өзбек музыкалык драма театры.
АТАЙЫН КАЛЫСТАРДЫН СЫЙЛЫГЫ
Эрдинч Доган – “Мына ушундай окуя” спектакли Түркиянын мамлекеттик театрларынын башкы дирекциясы.
КӨРҮҮЧҮЛӨРДҮН АРЗУУСУ
“Бабур. Тоска” спектакли үчүн Андижан областтык музыкалык драма театры.
ЭҢ МЫКТЫ МУЗЫКАЛЫК ЖАСАЛГА
“STEPPE SONS” этно-модерн-джаз тобу, “Кулагер” спектакли үчүн Г. Мусрепов атындагы Казак мамлекеттик академиялык жаш көрүүчүлөр театры.
МЫКТЫ СЦЕНОГРАФИЯ
Юлдаш Нурматов -“Төлгө” спектакли Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театры.
МЫКТЫ ДЕБЮТ
Султан Каллибеков – “Коркут” спектакли Каракалпак мамлекеттик жаш көрүүчүлөр театры.
ЭКИНЧИ ПЛАНДАГЫ АЯЛ ЗАТЫНЫН МЫКТЫ РОЛУ
Эсенбаева Сайрагул Осмоновна – “Убийцы” спектакли Ч. Айтматов атындагы мамлекеттик улуттук орус драма театры.
ЭКИНЧИ ПЛАНДАГЫ ЭРКЕКТИН МЫКТЫ РОЛУ
Сагызбай Карабалин – “Кулагер” спектакли Г. Мусрепов атындагы Казак мамлекеттик академиялык жаш көрүүчүлөр театры.
ЭҢ МЫКТЫ АЯЛ ЗАТЫНЫН РОЛУ
– Назира Мамбетова – К. Иманалиев “Үмүт” спектакли Кыргыз мамлекеттик Б. Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчүлөр театры
– Земфира Абдулсамедова У. Гейдарова “Верю” спектакли Азербайжан мамлекеттик жаш көрүүчүлөр театры
– Калича Сейдалиева – Ж. Сыдыков “Төлгө” спектакли Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театры.
ЭҢ МЫКТЫ ЭРКЕКТИН РОЛУ
– Николай Балобан – “Фауст” спектакли Санкт-Петербург “ТОК” камералык театры
– Александр Панин – “Убийцы” спектакли Ч. Айтматов атындагы мамлекеттик улуттук орус драма театры.
ТЕАТРАЛДЫК ЖАҢЫ БАГЫТТАРДЫ ИЗДЕНҮҮЛӨРҮ ҮЧҮН
“Ромео жана Джульетта” спектакли Ж. Сейдакматова атындагы “Тунгуч” жаштар театры
ЭПИКАЛЫК МУРАСТЫ ЭҢ МЫКТЫ САХНАЛАШТЫРУУ
“Төлгө” спектакли Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театры
ЭҢ МЫКТЫ РЕЖИССУРА
Улан Карыпбаев “Күн кармаган бала” спектакли үчүн
ЭҢ МЫКТЫ САХНАЛЫК ЖАҢЫЧЫЛДЫГЫ ҮЧҮН
“Кулагер” спектакли Г. Мусрепов атындагы Казак мамлекеттик академиялык жаш көрүүчүлөр театры
ЭҢ МЫКТЫ МОНОСПЕКТАКЛЬ
“Үмүт” спектакли Кыргыз мамлекеттик Б. Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчүлөр театры
ГРАН ПРИ – БАШ БАЙГЕ
“Күн кармаган бала” спектакли К. Жантөшев атындагы Ысык-Көл областтык музыкалык драма театры»
“Баян сұлу – Қозы Көрпеш” спектакли К. Куанышбаев атындагы мамлекеттик академиялык казак музыкалык драма театры