“Шанхай Кызматташтык Уюмунун 2023 телефестивалы” Кытай Эл Республикасынын Нанкин шаарында өттү

Сентябрь 30, 2023 - 23:01
 0  96
“Шанхай Кызматташтык Уюмунун 2023 телефестивалы” Кытай Эл Республикасынын Нанкин шаарында өттү
Телефестиваль ШКУнун алкагында радио, телекөрсөтүү жана аудиовизуалдык өнөр жай тармагында алмашууну жана кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө багытталган. Бул фестиваль пикир алмашуу жана диалог үчүн аянтча болуп, анын жүрүшүндө “Контент жана технологиялар көргөзмөсү”, “Тематикалык диалогдор”, “Аудиовизуалдык программалардын биргелешкен көргөзмөсү” жана “Ишкердик тур” уюштурулду.
Телефестивалдын салтанаттуу ачылышында саясат маселелери боюнча пикир алмашуу диалогу болду, анда Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу сөз сүйлөдү.
Ал белгилегендей, ШКУ өлкөлөрүнүн мындан аркы кызматташтыгын өнүктүрүү үчүн Кыргыз Республикасы өз аймагында ШКУ өлкөлөрүнүн балдар, билим берүү контентин илгерилетүү боюнча колдоо көрсөтүүгө даяр. ШКУ өлкөлөрү мындан ары да өз ара маалыматты жайылтуу, контентти түзүү жана алмашуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, жалпыга маалымдоо каражаттары чөйрөсүндө жолугушууларды, семинарларды жана конференцияларды өткөрүүгө жана кесипкөй тажрыйба алмашуу үчүн биргелешкен күч-аракеттерди жумшоого тийиш.
Катышуучулар “Шанхай рухун” карманып, диалогду жана алмашууларды кеңейтүү, өнүгүү таламында консенсуска жетишүү, контент инновациясын илгерилетүү жана ШКУ өлкөлөрүнүн ортосундагы достук жөнүндө реалдуу окуяларды көрсөтүү, санариптик медианы өнүктүрүүгө көмөктөшүү үчүн технологиялык кызматташтыкты тереңдетүү жана жаш медиа адистеринин тажрыйба алмашуусун арттыруу боюнча кызматташтыкты чыңдоого ниеттенишет.
Телефестиваль “Кызматташтыкты чыңдоо жана биргелешкен өнүгүүгө көмөктөшүү” темасына арналып, компетенттүү органдардын, массалык маалымат каражаттарынын, телерадио уюмдарынын, радио жана телеберүү чөйрөсүндөгү технологиялык компаниялардын, жогорку окуу жайлардын жана аналитикалык борборлордун жогорку өкүлдөрү жана ШКУга мүчө жана байкоочу мамлекеттер чакырылган.