24-25-июнь күндөрү Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында Россиянын Мамлекеттик академиялык Чоң театрынын балет труппасынын жана оркестринин гастролу өтөт.
Бул маданий иш-чара Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин колдоосу менен уюштурулууда.
Эки күндүк концерттин программасында классикалык искусствонун символуна айланган дүйнөлүк балет шедеврлеринен үзүндүлөр тартууланат: “Ромео жана Жульетта”, “Ак куу көлү”, “Корсар”, “Париждин жалыны”, “Спартак”, “Дон Кихот” жана башка белгилүү чыгармалар. Көрөрмандарды Россиянын эң башкы театрларынын сахнасынынын алдыңкы, белгилүү прима-балериналары жана премьер-артисттери менен жолугушуу күтүүдө. Алардын катарында: Артемий Беляков, Егор Геращенко, Елизавета Кокорева, Кристина Кретова, Элеонора Севенард, Дмитрий Смилевски, Юлия Степанова жана Игорь Цвирко бар.
Программанын өзгөчө бөлүгү – Чоң театрдын оркестринин концерти. Оркестр Россиядагы эң байыркы жана таанымал симфониялык коллективдердин бири. Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын сахнасында 50дөн ашуун музыкант өз өнөрүн тартуулайт. Алардын арасында эл аралык конкурсдардын лауреаттары, Россиянын эмгек сиңирген жана эл артисти наамын алган чебер музыканттар бар. Дирижёру – Россиянын эмгек сиңирген артисти Алексей Богорад.
Бүгүнкү күндө Россиянын Мамлекеттик академиялык Чоң театры дүйнөгө таанымал дирижёр Валерий Гергиевдин жетекчилиги алдында иш алып барууда.