МИНИСТР М. МАМБЕТАЛИЕВДИН МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ КҮНҮНӨ КАРАТА КУТТУКТООСУ

Урматтуу мекендештер!
Сиздерди Мамлекеттик тил күнү менен чын дилимден куттуктайм.
Кыргыз тили — улуттук аң-сезимибиздин, маданиятыбыздын жана тарыхыбыздын ажырагыс бөлүгү. Ал элибиздин кылымдар бою сактап келген руханий мурасы болуп, мамлекеттик тил макамын алган 35 жыл ичинде татаал да, сыймыктуу да жолду басып өттү.
Бүгүн кыргыз тили адабияттын гана эмес, мыйзам чыгаруунун, илимдин жана мамлекеттик башкаруунун тили катары ордун бекемдөөдө. Өлкө жетекчилигинин колдоосу жана жарандардын мекенчил аракети менен анын колдонуу чөйрөсү кеңейип, жаңы мүмкүнчүлүктөргө жол ачылууда.
Албетте, заманбап технологиялар доорунда тил алдыда турган чоң сыноолорго туш болууда. Бирок улуу “Манасты” жараткан кыргыз тили бардык кыйынчылыктарды жеңип, жаңы тармактарга да жол таап, келечекте илим менен технологиянын тилине айланаарына ишенем.
Эскерте кетким келет: мамлекеттик тилдин өнүгүүсү — ар бир жаранга байланыштуу. Тилди сүйүп, колдоп жана өркүндөтүү — жалпыбыздын ыйык милдетибиз.
Мамлекеттик тил күнүбүз кут болсун! Элибизге биримдик, жергебизге тынчтык каалайм.