Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, музыка изилдөөчү Жамила Маматова дүйнөдөн кайтты

Май 21, 2025 - 14:01
 7
Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, музыка изилдөөчү Жамила Маматова дүйнөдөн кайтты
Кыргыз маданияты орду толгус жоготууга учурады.

2025-жылдын 20-майында 68 жашында Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, музыка изилдөөчү Жамила Маматова дүйнөдөн кайтты.

Жамила Маматова өз өмүрүн бүтүндөй кыргыз музыкасына, аны изилдөөгө, жайылтууга жана сактоого арнаган инсан. Ал – кыргыз телерадиосунун тарыхында автордук музыкалык берүүлөрдүн пайдубалын түптөгөн, музыка таанууну коомчулукка жеткиликтүү кылып, искусствонун бийик дүйнөсүнө көптөрдү жетелеген санаалаш мугалим, устат жана изилдөөчү катары элдин эсинде калды.

Ысык-Көл районунун Жаркынбаев айылында (мурдагы Таштак айылында) төрөлгөн. Фрунзедеги Муратаалы Күрөңкеев атындагы окуу жайда, андан соң Искусство институтунда окуп, мыкты адистердин колунда тарбияланып, Москва консерваториясынын деңгээлиндеги илимий жетекчилер менен иштешип, терең билим алган.

Өмүрүнүн көп жылын Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясына арнап, “Сыбызгы”, “Музыкалык жолугушуу”, “Элдик күүлөр”, “Симфония дүйнөсүндө”, “Асылдар ааламы” өңдүү берүүлөр аркылуу угармандарга жана көрүүчүлөргө даярдап, жеткирген. Элдик музыканы да, профессионалдык искусствону да терең изилдеп, жаңыча берүүлөрдү жараткан. Аймактык таланттарды таап, алардын үнүн жалпы элге жеткирүүдө өзгөчө үлгү көрсөттү.

“Тоолуктар добушу” уктуруусу менен ар бир облусту кыдырып, эл арасындагы көмүскө таланттарды элге таанытты.

Маматова жетектеген “Алтын казына” борбору – кыргыз музыкалык мурасын системалуу түрдө чогулткан, сактаган жана изилдеген мекеме катары өзүнчө бир энциклопедиялык миссияны аткарууда.

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги маркумдун үй-бүлөсүнө, жакындарына жана кыргыз маданий коомчулугуна терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт.