Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри М. Мамбеталиев Корея Республикасына болгон иш сапарынын алкагында Корея Республикасынын Мурастар кызматынын администратору Хо Мин менен жолугушту.
Жолугушууда тараптар ОDA (Расмий өнүгүүгө көмөктөшүү) долбоорунун алкагында Кыргызстандын кол өнөрчүлүк тармагын өнүктүрүү маселесин талкуулашты. Бул долбоордун максаты – жергиликтүү усталарды колдоо, чыгармачылыгын өнүктүрүү жана алардын эмгегин эл аралык деңгээлге чыгаруу. Ошондой эле долбоорду ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн керектүү чаралар, каржылоо механизмдери жана өнөктөштүк форматтары белгиленди.
Мындан сырткары, материалдык эмес маданий мурастарды сактоо жана өнүктүрүү боюнча биргелешкен аракеттерди улантуу зарылдыгы айтылды. Тараптар тажрыйба алмашууга, жаңы долбоорлорду ишке ашырууга жана эки элдин маданий баалуулуктарын жайылтууга даяр экендигин билдиришти.
Жолугушууда 2026-жылы Кыргызстанда өтө турган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарындагы кызматташтык маселеси да көтөрүлдү. Корея тарап бул ири маданий иш-чарага өзгөчө кызыгуу менен карап жатканын белгиледи. Бул кызматташтык эки өлкөнүн ортосундагы маданий байланыштарды дагы да бекемдөөгө өбөлгө түзмөкчү.
Учурда Кыргызстан менен Корея биргеликте “Кыргыз Республикасында салттуу кол өнөрчүлүк буюмдарын өндүрүү жана алардын санариптик маркетинг дараметин жогорулатуу аркылуу маданий туризмди өнүктүрүү” долбоорун (ODA, 2023–2026) ишке ашырууда. Анын негизги багыттары төмөнкүлөр:
• туруктуу туризмди өнүктүрүү аркылуу аймактык өнүгүүгө көмөктөшүү;
• салттуу маданий мурастын практиктеринин мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана жергиликтүү калк үчүн киреше булактарын түзүү;
• материалдык эмес маданий мурастарды коргоо жана креативдүү экономиканы илгерилетүү;
• аялдар жана жаштар үчүн салттуу билимдерге негизделген туруктуу киреше мүмкүнчүлүктөрүн түзүү;
• боз үйлөр, кийиз килемдер, текстиль сыяктуу маданий мурастарга негизделген продукцияларды өндүрүү жана сатууну өнүктүрүү.
Жолугушуунун соңунда министр М. Мамбеталиев Кыргызстандын кол өнөрчүлөрүнө көрсөтүп жаткан колдоосу үчүн Корея Республикасына ыраазычылык билдирди.ф