"Кыргызфильм" улуттук киностудиясынын "Эсимде" (реж.Актан Арым Кубат), "Error 404" тасмалары жана "Кыргызсериал" чыгармачыл-өндүрүштүк бирикмесинин "Муз үстүндөгү гүлдөр" сериалы 2025-жылдын 7-сентябрь күнү XXI "Алтын Минбар" -Казань эл аралык кинофестивалынын "Кыргызстан кино күнү" иш-чарасынын алкагында эл назарына сунушталат.
Ошондой эле киностудиянын "Качкын" (реж. Дастан Жапар Рыскелди) тасмасы "Түрк дүйнөсүнүн кинолору" конкурстук эмес көрсөтүүлөр программасына тандалып алынганын билдиребиз.
2025-жылдын 6-11-сентябрь күндөрү Казань шаарында өтө туруучу кинофестивалга Кыргызстандын атынан "Кыргызтасмасы" мамлекеттик киноборбору мекемесинин директору, "Кыргызфильм" улуттук киностудиясынын өндүрүш бөлүмүнүн башкы адиси, "Кыргызсериал" ЧӨБүнүн директорунун орун басары катышууда. Алар кыргыз кинолорунун көрсөтүүлөрүн уюштуруудан тышкары, расмий делегациялардын отурумдарына дагы катышышат.