Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн тарыхында өзгөчө орду бар, элдин биримдиги менен азаттыгы үчүн эмгектенген мамлекеттик жана коомдук ишмер Алымбек датканын 225 жылдык мааракесине арналган кыргыз-казак төкмө акындарынын эл аралык айтышы өткөрүлөт.
Бул ири маданий иш-чараны Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү жана Кыргыз улуттук “Манас” театры уюштурууда.
Иш-чаранын максаты – улут азаттыгы үчүн кызмат өтөгөн улуу инсандын өмүр жолун жана өрнөктүү иштерин даңазалоо, коомго үлгү тутуу менен бирге кыргыз элинин байыркы төкмөлүк өнөрүн жайылтуу жана өнүктүрүү, коомчулукту ыйман-ызаатка, нарк-насилге үндөө.
ТАНДОО ТУРУ
• Качан: 2025-жылдын 11-сентябрында, саат 09:00
• Кайда: Алай райондук маданият үйү (Гүлчө айылы)
• Каттоо: саат 09:00–10:00 аралыгында
ФИНАЛДЫК АЙТЫШ
• Качан: 2025-жылдын 12-сентябрында
• Кайда: Алай районундагы Алымбек датканын жайлоосунда, мааракеге келген калың элдин алдында