КЫРГЫЗСТАН МЕНЕН КОРЕЯ УЛУТТУК МУЗЕЙЛЕРИНИН КЫЗМАТТАШТЫГЫ ТАЛКУУЛАНДЫ

Сентябрь 9, 2025 - 11:38
 9

Министр Мирбек Мамбеталиев Корея Республикасында болгон иш-сапарынын алкагында Кореянын улуттук музейинин директору Юхоң Жун менен жолугушту. Жолугушуу учурунда тараптар эки өлкөнүн музей иши боюнча кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашып, өз ара тажрыйба алмашуунун маанилүүлүгүнө токтолушту.
Министр Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейи менен Кореянын улуттук музейинин ортосундагы тыгыз кызматташуу музей тармагын өнүктүрүүгө, илимий изилдөөлөрдү тереңдетүүгө жана көргөзмөлөрдү уюштурууда жаңы ыкмаларды колдонууга өбөлгө болорун белгиледи.
Тараптар мындан ары да достук жана кызматташтык байланыштарды чыңдоо максатында биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу, көргөзмө алмашуу жана адистер үчүн окутуу программаларын уюштуруу боюнча өз ара макулдашышты.