Бүгүн, 27-майда Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Союзбек Надырбеков “Интервидение – 2025” эл аралык музыкалык конкурсуна Кыргыз Республикасынын өкүлүн тандоо максатында уюштурулган улуттук тандоо туруна катышкан ырчыларга, уюштурган режиссёрлорго жана көмөк көрсөткөн “БилимТал” коомдук бирикмесинин ыктыярчыларына Министрликтин ыраазычылык катын тапшырды.
Министрдин биринчи орун басары Союзбек Надырбеков, өз сөзүндө мындай иш-чаралар жаш таланттарды таанытууга, эл аралык деңгээлде өлкөбүздүн маданиятын даңазалоого чоң өбөлгө түзөрүн белгиледи. Ошондой эле сынакты өткөрүүдө көрсөткөн колдоосу жана салымы үчүн ыктыярчыларга ыраазычылыгын билдирди.
Белгилей кетсек, “Интервидение – 2025” эл аралык музыкалык сынагына улуттук тандоо туру 23-апрелде Каба уулу Кожомкул атындагы Спорт ордосунда өткөн. Сынактын жыйынтыгында “Номад” триосу жеңүүчү деп табылган. Трионун курамында Азат Раимбердиев, Бек Исраилов жана Миңжашар Мурзаев бар. Улуттук тандоо туруна 14 аткаруучу катышып, 12 музыкалык номер тартууланган.