“Хор үчүн чыгармалар” аттуу ачык кароо-сынак жарыяланат

Май 30, 2025 - 17:17
Май 31, 2025 - 14:18
 11
“Хор үчүн чыгармалар” аттуу ачык кароо-сынак жарыяланат
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Композиторлор союзу улуттук маданиятты жана музыкалык чыгармачылыкты өнүктүрүү максатында, чыгармачылык мүмкүнчүлүктөрдү берүүгө багытталган “Хор үчүн чыгармалар” ачык кароо-сынагын жарыялайт.

Сынакка катышууга арызды менен тиркелген материалдарды Кыргыз Республикасынын Композиторлор союзуна (Бишкек ш., Раззаков көч., 50) жана kompozitory@mail.ru электрондук почтага 2025-жылдын 30-сентябрына чейин жиберүүсү шарт.

Сынактын талаптары:

* Кыргыз музыкалык казынасын жаңы хордук чыгармалар, анын ичинде балдар үчүн хордук чыгармалар менен байытуу;
* Хор коллективдеринин репертуарын заманбап ноталык материалдар менен жаңылоо;
* Ода, кантата, оратория сыяктуу көлөмдүү музыкалык формаларды жандандыруу;
* Жеңүүчүлөрдүн партитура, клавирлерин жарыялап, билим берүү мекемелерине жеткирүү;
* Композиторлорду колдоо жана жаңы ысымдарды ачуу;
* Көпчүлүккө жогорку деңгээлдеги хордук музыканы сунуштоо.

Кароо-сынакка кабыл алынуучу чыгармалар:

* Кошулма же камералык хор үчүн ыр, ода, баллада, кантата, оратория жана башка формалар;
* Балдар хору үчүн чыгармалар;
* Чыгармалар фортепианонун же оркестрдин коштоосунда, же коштоосуз (а капелла) болушу мүмкүн.

Катышуу үчүн талаптар:

* Ар бир катышуучу 2ден ашпаган чыгарма менен катыша алат;
* Чыгарма мурда аткарылбаган жана жарыяланбаган болуусу керек.

Тапшырылуучу документтер:

* Катышуу арызы (аты-жөнү, авторлору (аты-жөнү толугу менен), жашаган дареги, байланыш номерлери);
* Клавир же партитура менен кошо чыгарманын аты;
* Паспорттун көчүрмөсү;
* Иштеген же окуган жери тууралуу маалымат;
* Чыгармалар кол жазма же компьютерде терилген түрүндө хор, клавир же партитура үчүн аспаптык жана хордук партиялары кошо болушу шарт.

Маанилүү!

Түшүнүксүз, сабатсыз жазылган, толук эмес партиялар менен келген же эстрадалык аранжировка кошулган чыгармалар кабыл алынбайт.

Сынак оркестр жана хор коллективдеринин катышуусу менен ачык форматта өткөрүлөт.

А. Жумакматов атындагы симфониялык оркестр (жетекчиси Р. Осмоналиев) жана камералык хор (жетекчиси Г. Маматова) партитура жана клавирлерди жандуу аткарышат (иллюстрациялашат).

Тапшырылган чыгармалар кайтарылбайт жана Кыргыз Республикасынын Композиторлор союзунун китепканасында сакталат.

Байланыш телефондору:
+ 312 66-11-28 Министрликтин искусствону өнүктүрүү жана саясатты жүргүзүү башкармалыгы;
+ 312 66-43-04, 0773 71-23-15 Кыргыз Республикасынын Композиторлор союзу;
kompozitory@mail.ru - электрондук почта.